• 86.8
  • 91.36
  • 0.81

Маалыматтык согуштар. Чет өлкөлүк агенттер жана чагымчылдар кандай иштешет

Аналитика 0

Адам укуктарын коргоп, адилеттүүлүктү сактайбыз деген Кыргызстандагы "көз карандысыз" деп аталган маалымат каражаттарынын багыты өзгөрүп, чындыктан алда канча алысташууда. Албетте бардыгы эмес, бирок чет элдик грант менен каржыланган ММКлардын басымдуу бөлүгү так ушундай багытта иш жүргүзүшүүдө. Атайын ыкмалар аркылуу иштеп, биздин коомго ойдон чыгарылган реалдуулукту таңуулашууда. Түрдүү фейктерди ойлоп таап, жалган маалыматтарды таратып, чыр-чатактарды күчөтүп, айрым учурларда коңшу мамлекеттердин ортосунда чыңалууну козутууга аракет кылуу менен бирге элдик салттарды маскаралап, сенсация жаратуу үчүн тарыхты бурмалоого чейинки ыплас иштерге барышууда.

Эксперттер белгилегендей, Кыргызстан канчалык ишенимдүү жана туруктуу өнүккөн сайын, маалымат мейкиндигинде чындыкты көргүсү келбегендер ошончолук көп кездешүүдө. Алар өздөрү элестеткен экономикасы төмөн, жумушсуздук өнүккөн, сөз эркиндиги сакталбаган өлкөдө жашашат жана башка жакшы көрүнүштөрдү көрө алышпайт. Кыргызстанда кылмыш менен аралаш коррупция гүлдөп-өскөн мезгилде алар эркин жана ыңгайлуу жашашканбы деген ойго келесиң. Мүмкүн ошондойдур. Бирок, азыр өз көзүбүз менен күбө болуп тургандай, заман өзгөрдү, өлкөдө акыркы жылдары кандай позитивдүү өзгөрүүлөр болуп жатканы барыбызга байкалып турат.

Башка тармактардай эле маалымат тармагында да жөнөкөй эреже бар, ким тарабынан каржылоо болсо, ошол тараптын кызыкчылыгы жогору турат. Белгилүү болгондой, 30 жылдан бери Кыргызстанда ММКнын маанайын кимдин акчасы жана кандайдыр бир кызыкчылыгы, өзгөчө саясий кызыкчылыгы болсо ошолор түзүп келген. Каржылаган тараптар салыштырмалуу анча көп эмес акча бөлүү менен коомдук маанайга таасир этүүчү куралды өз колдоруна алышкан. Кыргызстан демократиялык өлкө катары алгач бул нормалдуу көрүнүш катары кабылданса, убакыт өткөн сайын калкка маалыматтык-психологиялык таасир берүү ыкмалары агрессивдүү боло баштаган. Азыр биз бийликке гана каршы эмес, бүтүндөй коомду бөлүп-жаруу багытындагы маалымат тараткандарды көп кездештирүүдөбүз. Чет өлкөлөрдөн туруктуу каржыланган мындай ишмердүүлүк жүргүзгөндөр өлкөнү алсыратып, коңшу мамлекеттер менен достук мамилени салкындатууга, керек болсо ШКУ жана ЕАЭБдин алкагындагы интеграциялык процесстерди бузууга, Камбар-Ата - 1 ГЭСи жана Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу сыяктуу чоң долбоорлорду ишке ашырууга тоскоолдук кылууга аракет кылышууда.

Жакында өлкөдө мындай “көз карандысыз” деп аталган ММКнын бири кемиди. Чет элдик “демократиялык фонддордун” каражаттары менен жан баккан басылма саясий өңүттөгү жалган маалыматтарды жана фейктерди системалуу түрдө таратканы үчүн жоюлган. Мындай чечимди Кыргызстандын Жогорку соту кабыл алды. Президент Садыр Жапаров бул боюнча “Кабар” маалымат агенттигине төмөнкүдөй комментарий берген.

“Иликтөөлөрдү бир жактуу, бирөө жарымды каралоо максатында иликтеген үчүн жаап жатса керек да. Соттор деле жөндөн-жөн чечим кабыл албаса керек. Далай жолу өзүңөр деле көрбөдүңөрбү бир жактуу каралаган, жалган материалдарды таратканын”,- деди мамлекет башчысы.

Ошондой эле президент сөз эркиндиги тууралуу да пикирин билдирип, сөз эркиндиги болушу керек, бирок калпты атайылап тараткандар үчүн индульгенция катары колдонууга болбой тургандыгын кошумчалады. “Биз 30 жылдан бери анархияны демократия, ушак-айыңды сөз эркиндиги деп алмаштырып алганбыз. Азыр эми ошол оорулардан коомчулук айыгып жатат. Бизде сөз эркиндиги болгон жана боло берет. Болгону чындыкты чындыктай айтып турса ким болбосун баарын колдой беребиз. Анархия, ушак-айың, жалган маалыматтарды таратуу бул сөз эркиндиги эмес”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Жакында эле “Кабар” агенттигине берген интевьюсунда тарыхчы, коомдук жана саясий ишмер Зайнидин Курманов адам укуктары жана сөз эркиндигин жамынып, демократияны бурмаланган түшүнүктөр менен алмаштырып жаткандар көбөйгөндүгүн айтты. “30 жыл аралыгында Кыргызстан бирде суук, бирде ысык күндөрдү башынан өткөрдү. Ар бир өлкөдөгү революциядан кийин баалуулуктарыбыз, багыттарыбыз өзгөрүлдү. Президент айткандай, демократияны охлократия менен алмаштырышууда. Демократия – бул бардыгыбызга, өзгөчө бийликтеги адамдарга дагы тиешелүү жарандардын тартиби жана жоопкерчилиги. Элге айтылган ар бир сөз жоопкерчиликтүү болуш керек. Ошондуктан жалган, чындыкка дал келбеген таңуулоолордон алыс болушубуз керек. Башкаруу түзүмүн элибиздин кылымдарды карыткан тарыхында калыптанган көөнөрбөс баалуулуктардын, салттардын жана маданияттын негизинде түзүү керек”,- деген Курманов.

Коопсуздук тармагындагы эксперт Эдил Марлис уулу чет элдик агенттер жана чагымчылар кандай иштей тургандыгын жана алардын маалыматтык-психологиялык иш-аракеттери коомду бөлүп, эл арасында терс маанай жаратып жаткандыгын билдирди.

“Эгемендүүлүк күнү Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата театрлаштырылган көрсөтүүдө уюштуруучулар кыргызстандыктардын ушул убакыт аралыгындагы жашоосун көрсөтүүнү чечишкен. Анда тарыхтын бир бөлүгү катары Советтер союзунун тушундагы жарандардын жашоосу тууралуу сюжеттен алынган Маркс, Энгельс, Ленин, Сталин жана башка партиялык лидерлердин портреттеринин парадын айрым жарандарыбыз сынга алып, тоодой жакшылыктан жамандык издөөгө барабар болду. Элди бөлүп жаруу, терс коомдук пикир жаратуу максатында жүргүзүлүп жаткан мындай иш - аракеттерди айрым социалдык тармак колдонуучулары аңдабастан бири-бири менен кызыл чеке болуп, талашып тартышууга өтүштү. Мында кимдир-бирөөлөр максаттарына жетип жатат. Чет элдик агенттер ушундай ишти билип, план менен так иштешет эмеспи. Бул тактиканы алар өздөрү иштеп чыгышып, иш этабы менен талап кылынган масштабга жеткенде, керек болсо жарандык согуштун жана мамлекеттин кыйрашынын этабына чейин жетиши мүмкүн.

Чет элдик атайын кызматтардын бул эки лагерден тышкары, оюнга катыштыгы бар дагы аз эмес топтору бар, мында "Бардыгы бардыгына каршы" деген система иштеп жатат. Жыйынтыгында бир гана жеңүүчү "АЛАР" болмокчу! Так айтканда чет элдик мамлекет же аларды башкарган белгилүү бир адамдар. Жөнөкөй жарандар мындай алдын ала ойлонулган иштерге туруштук бере алышпайт. Мында биздин атайын кызматтар иштеши керек. Алардан колунан келет деп үмүт кылалык”, - деди Эдил Марлис уулу.

Эксперттер билдиргендей, маалымат тармагы – бул жарандардын жашоо мейкиндигинин маанилүү бир бөлүгү. Бул коопсуздук маселеси гана эмес, биздин эгемендүүлүгүбүз, мамлекетибиздин бүтүндүгү. Чет элдик демөөрчүлөр тарабынан каржыланган айрым “көз карандысыз” аталган ММКлар тиешелүү тараптын кызыкчылыгын жогору коюп, алардын көрсөтмөлөрү менен иштеп турганда өлкөдө жана коомубузда дайыма маалыматтык чабуулдар болуп турмакчы. Мындай көрүнүштөр массанын аң сезимин манипуляциялап, аларды адаштырууга жана коомду бөлүп-жарууга алып келип, мамлекетке башка бирөөлөрдүн чакырыктарын таңуулоодо.

Пикир

Оставить комментарий