• 87.86
  • 93.94
  • 1

МАБ «КАБАР»: Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 26-30-июнь

Аналитика 0

Ишканалардын кыскарышы: Учурда мамлекеттин колунда эмне бар экенин тактоого алгачкы кадамдар жасала баштады. Өткөн жумада Кыргызстанда 1100 мамлекеттик ишкананын 166сы гана иштей турганы маалымдалды. Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик фондунун маалыматы боюнча, калган бардык ишканалар кагазда гана бар. 166сынын ичинен 137си мамлекеттик ишкана болуп түзүлгөн эмес. Жогорку натыйжалуулукка жетишүү үчүн ММБФ КР Өкмөтүнө 137инин ичинен 26 гана калтырууну сунуштоодо. 59у республикалык бюджеттен каржылангандыктан, аларды мамлекеттик мекеме катары түзүү сунушталууда. 10дон ашыгы акционерлештирүүгө, 20 – ликвидациялоого, 4 – менчиктештирүүгө жатат. Мындан тышкары, өлкөдөгү автобекеттердин базасында бирдиктүү мамлекеттик ишкананы түзүү сунуш кылынууда.

Ысык-Көл облусунун кеме чарбасы жана “Кыргызкөмүр” МИ бириктирилип, андан соң Акционердик коомго айлантылат.

“Аткара турган иштерибиз көп, бардык мамишканалар акционердик коом катары түзүлөт. Ошондой эле, кайтанган ишканалар жана акционердик коомдор кыскартылат. Инвентаризациялоо жана каттоо жыйынтыктары жакшы натыйжа берди. Өкмөт ММБФ алдында мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу милдетин койду. Бул максаттарда Экономика министрлиги менен биргеликте атайын программа иштеп чыгабыз”, - деди ММБФ башчысы Болсунбек Казаков. Чындыгында, өлкө эмнеге ээ экенин билиши керек жана өз ээлигин таасирдүү колдонуу үчүн бардык мүмкүндүктөрдү жумшоосу керек.

Баа өзгөрбөйт: ММБФ сатыкка коюлган “Мегаком” операторунун баасын төмөндөтпөй турганы белгилүү болду. Аптада “Мегаком” бренди менен чыккан “Альфа Телеком” ЖЧК баасын төмөндөтүү пландалбагандыгы кабарланды.

Компаниянын баштапкы баасы 19,7 млрд сомду түзгөнү белгилүү. Бул нарк чыгашалык, кирешелик жана салыштырмалуу ыкмалары менен баалоо компаниясынын жыйынтыгында аныкталган. Натыйжадан улам баа коюлуп, аны комиссия гана көтөрүп же төмөндөтө алат.

Катышуучулардын жоктугунан улам болбой калган биринчи аукциондон кийин баасы 25%га төмөндөгөн. Экинчи жолу аукцион кайрадан тендердин катышуучуларынын жоктугуна байланыштуу болбой калган. 2016-жылы компаниянын киреше божомолу 8,5 млрд сомду түзүп, 1,5 млрд сомго аз болгон. Үчүнчү ирет “Мегаком” сатыкка 13,5 млрд сомго коюлуп, каалоочулар көп болгон.
Бирок, ММБФ билдиргендей, “документтерди даярдоого” убакыттын жетишсиздигинен аукцион болбой калган. Алардын айтымында, Өкмөткө коюла турган бир нече сунуш бар. Бирок, компаниянын сатыктагы наркын төмөндөтүү пландалган жок. Бул документтери менен биринчи тендерге жетишпей калган сатып алуучу бар экенин билдирүүсү мүмкүн. Кандай болсо да, IT-технологиялардын ыкчам өнүгүүсүндө мамлекет колдонулган аппаратуранын эскилигинен мүмкүн болбой калганча, мамлекет бул уюлдук оператордон эрте кутулушу зарыл.

Салык төлөөчүлөрдүн саны өсүүдө: Бул жумада Мамлекеттик салык кызматы 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу кампаниясынын жыйынтыгын чыгарды. Жылдын ортосунда Бирдиктүү салык декларациясын 419 миң салык төлөөчү тапшырган. Декларацияны тапшыргандардын дээрлик 40 миңи уюмдар, 222 миңи – жеке ишкерлер, 114 миң 674 декларант – физикалык жактар жана 19 миң 380 – мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ошондой эле, 23 миң салык салынуучу кирешеси жоктор. Статистика БСД тапшырган салык төлөөчүлөрдүн саын жыл сайын өсүп жатканын күбөлөндүрөт. 2017-жылы декларацияларын өткөн жылга салыштырмалуу 29 миң 494гө көп салык төлөөчү тапшырган. 2016-жылы 2015-жылга караганда 13 миң 730 га болгон. Акыркы үч жылда БСД тапшыргандардын саны 14,7%га өскөн.

Акча которуулар өстү: Өткөн жылга салыштырмалуу акча которуулардын көлөмү дээрлик 39%га өстү. КР Улуттук банкынын маалыматы боюнча, 2017-жылдын 5 айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу таза которуулар 695 млн долларды түзүп, 39%га көп болгон.

Ал эми валюталар курсунун өөдө-ылдый болушу долларга карата рублдын түшүүсү жана мунай заттын наркынын өөдө-ылдыйы сыяктуу тышкы факторлорго байланыштуу. Улуттук банк эл аралык каржы институттарынын сынына карабастан, Кыргызстанда Ислам өнүктүрүү банкын ачуу идеясынан баш тартпайт.

Инвестор табылган сыяктуу: Бул жумада Кыргызстанда чакан ГЭСтерди курууга тендер жарыяланды. Өлкөнүн Өкмөтүнүн чакан ГЭСтерди куруу ниетин россиялык “Росатом” колдоп, GANZ венгер заводу чыгарган контейнердеги экологиялык коопсуз жана экономикалык натыйжалуу мини-гидроэлектрстанцияларын сунуштоодо. Ал “Росатомдун” машину куруучу «Атомэнергомаш» дивизионуна кирет. Компания тендерге катышпайт, бирок, жеңүүчү менен кызматташууга даярдык билдирди. Компания “инвесторлор курулуш иштерине жана тейлөөгө каражаттарды үнөмдөөнү шарттаган жогорку сапаттагы үнөмдүү жана коопсуз жабдууларды тандоону өздөрү жасашат” деп эсептейт. GANZ 1844-жылдан бери ийгиликтүү иштеген венгер заводу. Мисалы, Казакстандын Алмата облусунда 1962-жылдан бери иштеп, азыркыга чейин GANZ даярдаган жабуу колдонулат.

Дээрлик жарымын алгыла! Кыргызстандын расмий адамдары Кытай компанияларына 49% акцияларын алуу менен “Эйр Кыргызстан” компаниясына инвестиция салууну жана анын базасында биргелешкен ишкана түзүүнү сунуштады. Мындай сунуш Хайку шаарындагы Хайнань аралындагы HNA Aviation Investment Group стратегиялык менеджмент баш директору Чэн Минцюнго Гуанчжоудагы КР Башкы консулу Максат Тентимишов тарабынан жасалган.

Жолугушууда Хайнань авикаттамдарынын өкүлдөрү Бишкек-Үрүмчү каттамдарына кызыкдарлык билдиришти. Кытайлыктарга “Манас” аэропорту Хайнань авиакаттамдарынын учактары үчүн транзиттик звено болушу тууралуу сунушталды.

Олуттуу чектөөлөр: Кыргызстандын парламенти республикада чет элдик жумушчулардын санын чектөө тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө”, “Мамлекеттик алым жөнүндө” мыйзамдарга түзөтүүлөр киргизилүүдө. Мыйзам долбоору улуттук рынокту коргоого жана Кыргызстандын миграциялык мыйзамын ирээтке келтирүүгө багытталган.

“Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө” мыйзамга бир субъектте чет элдик жумушчулардын жалпы санын 10%дан 20%га чейин чектөө, чет элдик жумушчуларды – жогорку квалификациялуу адистер, адистер, квалификациясыз адистер, жеке ишкерлер категорияларына бөлүү боюнча өзгөрүүлөр киргизилип жатат.

Азыркы учурга карата Кыргызстандагы чет элдик жумушчулардын санын так айтууга болбойт. Башка өлкөлөрдөн келген мигранттардын санын көзөмөлдөөгө алууга болсо да, Кытайдан келгендердин санын аныктоо кыйын. Ошону менен бирге, кытайлык компаниялар Кыргызстанга ар кандай шылтоолор менен негизсиз көп жумушчуларды алып келген, алардын саны дээрлик компаниянын кызматкерлеринин жарымын түзгөн учурлар кездешет. Ал эми Кыргызстанда иштеген кытайлык жана башка чет элдик компаниялардын саны өсүп гана жатат. Мыйзам мындай компанияларда келген жумушчулардын санын тыкыр көзөмөлдөөнү жөнгө салууга багытталган.

«Кабар»МАБ,

1-июл 2017-жыл

Пикир

Оставить комментарий