Бишкек, 17.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Секимов Бактыбек Шайыкбаевичке жүктөлдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруу Секимовго жүктөлдү
![](/site/assets/files/23180/tcu_730x0.730x0.jpg)
Пикир
Оставить комментарий