• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Маданият министри Алтынбек Максутов театр оюн-зоок мекеме жетекчилеринин ишин сынга алды

Коом 0

Бишкек, 30.03.24./Кабар/. Күн мурун маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов театр оюн-зоок мекемелеринин директорлоруна жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө театрларда жүрүп жаткан спектаклдерге көрүүчүлөрдүн талабына жана табитине ылайык мониторинг жургүзүлбөгөндүгү айтылып, бир топ кемчиликтер тууралуу сөз болду.

Алсак:

  • актуалдуу темадагы спектаклдердин аздыгы;
  • жаңыча көз караш жана жаңы идеялардын жоктугу;
  • жетекчилердин ортосундагы өз-ара кызматташуунун бирдиктүү алгоритминин жоктугу.

Министр аны менен катар жакшы иштеп жаткан жетекчилерди белгилеп өттү.

Ведомство жетекчиси өз сөзүндө мамлекет тарабынан чоң колдоо көрсөтүлүп жаткандыгын, бирок мекеме жетекчилери тарабынан өз ишине кайдыгер мамиле болуп жатканын айтып, бир катар талаптарды койду.

Ага төмөнкүлөр кирди:

  • репертуардык коюмдардын сапатын жогорулатуу;
  • көрүүчүлөрдү театрга тартуу;
  • бирдиктүү билет системасын киргизүү жана контракттык негизде иш алып баруу;
  • жаш таланттарды колдоо, аларга моралдык жана материалдык жактан максаттуу стимул берүү;
  • гастролдук иш-сапарды пландуу уюштуруу.

Ошону менен бирге, алдыда 2024-жылга карата театр оюн-зоок мекемелеринин планы жана 2023-жылдын отчёту толук талдоодон өткөрүлөрү, анын жыйынтыгы менен тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертти.

Пикир

Оставить комментарий