• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Маданият министри БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координаторун кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 01.11.22. /Кабар/. КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Гравени кабыл алды.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жаштар темасындагы туруктуу өнүгүү максаттарын жана ишке ашыруу алкагында жүрүп жаткан биргелешкен долбоорлорду талкуулашты.

Андан ары тараптар КРнын жарандык иденттүүлүгүн өнүктүрүү, Кыргыз жараны концепциясын ишке ашыруу боюнча пикир алмашты. Анда БУУнун 193 мамлекетти тынчтык үчүн бириктиргендей эле, Кыргыз жараны концепциясы дагы Кыргызстанда жашаган бардык этностордун башын бириктирип турганы айтылды.

Антье Граве ошондой эле Кыргызстандын дүйнөлүк аренадагы активдүүлүгүнө көз салып турганына сыймыктанарын белгилеп, жакында Кыргызстандын БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине шайланышы менен куттуктап, өлкөдө адам укуктарын өнүктүрүүнүн пайдасы үчүн мындан ары да иш алып барууга даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар белгиленген багыттар боюнча кызматташууга даяр экендиктерин белгилешип, түзүлгөн байланыштарды биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн пайдаланууга макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий