• 87
  • 90.41
  • 0.84

Маданият министри Москвада билимин жогорулатып келгендерге сертификаттарды тапшырды

Маданият 0

Бишкек, 19.12.24. /Кабар/. Бүгүн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов театр оюн-зоок мекемелеринин жана атайын орто, жогорку окуу жайларынын кызматкерлерине стажировкадан өткөндүгү тууралуу сертификаттарды тапшырды.

Ведомстводон маалыдашкандай, стажировка Россиянын Москва шаарындагы Кичи театрдын алдындагы М.С.Щепкин атындагы мамлекеттик жогорку окуу жайында жана Мамлекеттик театр искусство институтунда (ГИТИС) өттү.

Министр стажерлорду ийгиликтүү жана жемиштүү окуусун аяктагандыгы менен куттуктап, алган билимдери менен тажрыйбалары өлкөнүн театр искусствосун өнүктүрүүгө чоң салым кошоруна ишенимин билдирди. Ошондой эле адистерди даярдоого жана билим берүү процессин жакшыртууга пайдалуу болорун белгилеп министрлик театр искусствосун жана адистердин кесиптик өсүшүн колдогон демилгелерди мындан ары да улантаарын белгиледи.

Стажировка 6-13-декабрь күндөрү өткөрүлүп, ага театр таануучулар, режиссёрлор, артисттер, сүрөтчүлөр, окутуучулар, гримёрлор жана башка адистер катышты. Программа квалификацияны жогорулатууга багытталып, лекциялар, семинарлар, кесиптик талкуулар, театр спектаклдери менен таанышуу жана практикалык сабактарды камтыды.

Катышуучулар программаны уюштуруунун жогорку деңгээлин жана алдыңкы тажрыйбаны изилдөө, аны өз ишинде колдонуу мүмкүнчүлүгүн баса белгилешти.

Программанын жыйынтыгында бардык катышуучулар квалификациясын жогорулаткандыгы тууралуу сертификаттарга ээ болушту.

Пикир

Оставить комментарий