• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Маданият министри музей кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Маданият 0

Бишкек, 18.05.24. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов музей кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Министрдин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

"Урматтуу музей кызматкерлери,

Сиздерди 18-май Эл аралык музейлер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Кыргызстандагы музейлердин ар бири элибиздин баалуу мурастарын сактаган жана аларды даңазалаган маданияттын ордосу болуп эсептелет. Музейлерде сакталган баалуулуктар аркылуу элибиздин, мамлекетибиздин басып өткөн даңазалуу жолун, тарыхын таанып биле алабыз.

Эл аралык музей күнү баарыбыз үчүн кубанычтын, ачылыштын жана маданий байытуунун күнү болуп калсын. Музейлер адамдарды тарбиялоо, шыктандыруу жана бириктирүү боюнча өздөрүнүн маанилүү миссиясын аткара беришсин.

Ар бир музей кызматкери жүргүзүп жаткан иши мамлекетибизде маданияттын өсүп-өнүгүүсүнө, элибиздеги улуттук наркты, тарыхый-маданий көөнөрбөс асыл мурастарыбызды, каада-салтыбызды, тилибизди жоготпой сактоого, жайылтууга, даңазалоого, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана музейдин казынасындагы уникалдуу экспонаттар аркылуу тарыхый мурастын маанисин ачып берүү жана аны коомчулукка жеткирүүдө эмгегиңиздер чоң.

Ардактуу музей кызматкерлери!

Сиздерди Эл аралык музейлер күнү менен дагы бир жолу куттуктайм!

Кесиптик майрамыңыздар кут болсун! Маданиятты жана билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон салымыңыз баа жеткис. Сиздерди кызматыңарда татыктуу иш алып барып, дүйнөлүк белгилүү музейлердин катарына кошулууга болгон билимиңиздерди жумшап, алдыга карай умтулуп, өсүп-өнүгүүнү алдыга максат кылып, алгылыктуу иштерди жарата берүүңүздөргө тилектешмин.

Өзүңүздөргө маалым болгондой 15-майдан тартып республикадагы музейлерде Эл аралык музейлер кеңеши тарабынан жарыяланган “Музей-билим берүү жана илимий-изилдөө мекемеси катары” темасынын алкагында иш-чаралар уюштурулуп өткөрүлүп жатат.

Ал эми, музейлерде күнүн алагында өтүп жаткан “Музей түнү” акциясы Кыргызстанда 2003-жылдан жана расмий 2011-жылдан тартып “Кыргыз Республикасынын Музейлердин күнүн белгилөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде 18 -май Эл аралык музейлер күнү белгиленип келет.

Учурдан пайдаланып, Музейлерди искусствого жана тарыхка болгон кызыгуусу жана сүйүүсү менен колдоп жаткан конокторубузду музейлер тарабынан уюштурулуп жаткан иш-чараларга чакырып кетем.

Майрамыңыздар кут болсун!

Ар бириңиздерге бекем ден-соолук жана бакубат жашоо каалайм!"

Пикир

Оставить комментарий