• 87
  • 90.63
  • 0.79

Маданият министри театрларга барды. Эмне маселе талкууланды?

Коом 0

Бишкек, 29.11.24. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов Бишкектеги Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына жана Ч. Айтматов атындагы Улуттук орус драма театрына барып, кызматкерлер менен жолукту.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө театр жамааты туш болуп жаткан көйгөйлөр менен таанышып, материалдык-техникалык базаны жакшыртуу, чыгармачыл долбоорлорду каржылоо, кадрдык маселелер жана жаңы спектаклдерди коюу шарттары боюнча маселелер талкууланды.

Театр кызматкерлери министрге өз суроолорун түздөн-түз берип, жооп ала алышты. Ал министрлик маданий мекемелерди ар тараптуу колдоого багытталган иштерди уланта берерин айтып, улуттук театр искусствосунун салттарын сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп, көтөрүлгөн маселелерди чечүү үчүн аракет кыларын убада кылды.

Максүтов белгилегендей, учурда мамлекет маданиятка өзгөчө көңүл буруп жатат.

Пикир

Оставить комментарий