• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Маданият министри ТИКАнын программалык координатору Мехмед Бодур менен жолугушту

Маданият 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Кыргызстандагы Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) программалык координатору Мехмед Бодур менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Министр Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда көптөн бери жылуу жана бир туугандык мамилелер бекемделип, анын аркасында маданият тармагындагы маанилүү долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгиледи. Тактап айтканда, Кыргызстанда ийгиликтүү өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу сөз болду.

Өз кезегинде Мехмед Бодур министрге жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ТИКАнын Кыргызстандагы ишмердүүлүгү менен тааныштырып, маданият тармагында ишке ашырылган долбоорлорду белгиледи.

Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө министр үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынын аягына карата Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү пландаштырылганын билдирди.

Андан соң тараптар маданий кызматташтыкты өнүктүрүү келечегин талкуулашты.

Тараптар жолугушуу үчүн бири-бирине ыраазычылык билдиришип, жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө даяр экендиктерин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий