• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Маданият министрлиги: 6 айда театралдык оюн-зоок мекемелерине 46,5 млн сом түштү

Экономика 0

Бишкек, 05.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. 6 айда театралдык оюн-зоок мекемелерине акы төлөнүүчү кызматтардан 46 млн 523 миң сом түштү. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери жалпы жонунан 1755 спектакль жана концерттик программа коюлган. Чогулган каражаттын 27,6 млн сому концерт, спектаклдерден, 18,1 млн сому ижарадан түшкөн.

"2024-жылдын жарым жылдыгында театралдык оюн-зоок мекемелери тарабынан 499 миң 570 көрүүчү тейленип, концерт жана спектаклдердин жалпы саны 1 755 түздү. Анын 37си жаңы спектакль, 46сы концерттик программа болуп саналат. 2023-жылдын жарым жылдыгына салыштырсак, жаңы коюлган спектаклдердин саны 23,3%га, жалпы көрсөтүүлөр 21,5 %га, көбөйдү», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий