• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Маданият министрлиги аймактардагы авариялык абалдагы имараттардын тизмесин түзүүнү тапшырды 

Коом 0

Бишкек, 20.02.23. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты минисири Алтынбек Максутов өлкөдөгү райондук жана шаардык маданият бөлүм башчылары менен жолугушуп, алдыга коюлуп жаткан бир катар маселелерди бирге талкуулады.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, анда ал тармакта райондук маданият бөлүмдөрүндө бир катар өзгөрүүлөр боло тургандыгы айтылып, аймактарда жигердүү иш алып баруу тапшырмасы коюлду.

Министр акыркы жылдары мамлекет тарабынан маданият тармагына көңүл бурулуп жатканын айтып, буга чейин көтөрүлгөн айлык маяналар аларга дем бергени менен, жеринде иш алып барууга шарт түзүү учур талабы деп билдирди.

Мындан улам, министр Алтынбек Максутов тез аранын ичинде ар бир район өзүнүн аймагындагы авариялык абалдагы имараттар (сүрөтү менен), материалдык техникалык база, автоунаа жана кандай шарттарда иш алып барып жаткандыгы жана жетишпеген көйгөйлөрдү министрликке жеткирүүнү жана андай маалымат келбеген учурда райондук маданият бөлүмдөрү жоопкерчикти өзүнө ала тургандыгын баса белгилеп өттү. Мындай кечиктирүү алдыда жаса турган реформаларга кедергисин тийгизет деп белгиледи министр.

Учурда мындай маалымат өлкө боюнча чогултулуп, зарыл болгон аймактарга курулуш же оңдоп түзөө иштерин муктаж болгон аймактар приоритетүү каралмакчы.

Пикир

Оставить комментарий