• 87
  • 90.41
  • 0.84

Маданият министрлиги балдар адабияты тармагында сынак жарыялайт. Шарттары

Маданият 0

Бишкек, 22.01.21. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өкмөттүн балдар адабияты сыйлыктарын изденип алууга ачык сынак жарыялайт.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, сынакка мектеп жашындагы жана өспүрүм курактагы балдар үчүн кыргыз тилиндеги чыгармалар төмөндөгү номинациялар менен кабыл алынат;

- балдарга арналган мыкты чыгармалар үчүн (китеп);

- балдардын мыкты жарыяланган прозалык чыгармасы үчүн (китеп);

- балдар адабиятынын чыгармаларын кыргыз тилине мыкты которгону үчүн.

Сынакка чыгармалар мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар жана мекемелер тарабынан көрсөтүлөт.

Чыгармалар басмаканалык шрифт менен басылган түрдө алты нускадан кем эмес санда берилет.

Материалдар 2020-жылдын 20-декабрынан баштап 2021-жылдын 1-мартына чейин, иш күндөрү саат 09:00дөн 17:00гө чейин Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданиятты, искусствону жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан кабыл алынат.

Сыйлыктар 1-июнь — Эл аралык балдарды коргоо күнүндө тапшырылат.

Дареги: Бишкек шаары, Пушкин көчөсү 78, байланыш телефону: (0312) 66-11-28, 62-34-97, 0550 99-05-27.

Пикир

Оставить комментарий