• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Маданият министрлиги чоң иш-чараларды өткөрүү үчүн техникаларды сатып алды

Коом 0

Бишкек, 19.08.24. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги чоң иш-чараларды өткөрүү үчүн жаңы техникаларды сатып алды.

Бүгүн техникаларды көрсөтүү учурунда министр Алтынбек Максүтов техникалардын жалпы баасы 350 млн сомду түзөрүн белгиледи.

Министрдин айтымында, көп жылдардан бери мамлекеттик деңгээлде маданий иш-чараларды өткөргөнгө заманбап техниканын жоктугу көйгөйлөрдүн бири болуп келген.

"Мисалы, 2018-жылы Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн сахна, LED-экран, жарык берүүчү жана үн күчөтүүчү атайын жабдууларды 5-6 мамлекеттерден алынып келинип, ижара акысына 2 млн доллардан ашык каражат коротулган. Азыр болсо Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен жаңы заманбап техника өзүбүзгө алып отурабыз. Бул деген иштин илгерилешине чоң түрткү берди. Өзүңүздөр көрүп турган жабдуулар Франция жана Кытайдан жалпы 15 жүк ташуучу унаалар менен алып келинди.

Эми алынган техниканы иш жүзүндө 31-август күнү Кыргыз стандын көз карандысыздыгынын 33-жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунунун 100-жылдыгына арналган чоң салтанатта күбө боло аласыздар", - деди Максүтов.

Техника жана жабдуулардын тизмеси:

  • 786 чарчы метрди түзгөн сахна;
  • 428 даана жарык берүүчү жабдуулар;
  • 700 чарчы метрди түзгөн LED-экрандар;
  • 12 х 28м сахнанын темир жабдыктары;
  • 16 даана атайын эффект берүүчү жабдыктар;
  • L-ACOUSTICS үн күчөткүчтөр;
  • L-ACOUSTICS (пульт);
  • 20160 чарчы метр лаер.

Белгилей кетсек, Маданият министрлигине мамлекет тарабынан материалдык-техникалык базасын жакшыртуу үчүн 446 млн. сом каражат бөлүнгөн. Азыркы учурда алынган техниканын баасы 350,6 млн сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий