• 86.8
  • 91.71
  • 0.87

Маданият министрлиги китепкана тармагын өнүктүрүү боюнча демилгелерди колдойт

Маданият 0

Бишкек, 28.11.24. /Кабар/. Бүгүн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова өлкөнүн бардык облустарынын китепканаларынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө китепканалардын жетекчилери 2024-жылдагы ишмердүүлүктөрү тууралуу отчет беришип, жетишкендиктери жана китепкана тармагында негизги көйгөйлөр тууралуу маалымат беришти.

Жолугушууда китеп фонддорун жаңылоо, жаштар арасында китеп окууну популярдаштыруу жана санарип технологияларды киргизүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушууда китепканалар тармагындагы төмөндөгүдөй негизги ийгиликтербелгиленди:

  • окурмандарды тартууга багытталган жаңы программалардын ишке кириши;
  • китеп окуу маданиятын өнүктүрүүгө арналган тематикалык иш-чаралардын уюштурулушу;
  • китепканалардын фонддорундагы материалдардын санариптештирилген бөлүгүн көбөйтүү.

Министрдин орун басары китепканаларды өнүктүрүүгө стратегиялык мамиле жасоонун маанилүүлүгүн белгиледи. "Китепканалар – бул китептердин сактоочу жайы гана эмес, билим берүү жана маданий борборлор. Алар жеткиликтүү жана заманбап мейкиндиктерге айланып, бардык курактагы адамдарды шыктандырып, билим берүү милдетин аткарышы керек", - деди ал.

Мындан тышкары, 2025-жылга карата китепкана ишин өнүктүрүү боюнча келечекке пландар талкууланды, анын ичинде:

  • санариптештирүү программаларын кеңейтүү жана электрондук китепканаларды түзүү;
  • кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу аркылуу кадрдык потенциалды чыңдоо;
  • материалдык-техникалык базаны жакшыртуу, айрыкча айыл жерлеринде.

Гүлбара Абдыкалыкова китепканалардын жетекчилерине өз ишине берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирип, министрлик китепкана системасын чыңдоого жана анын өлкөнүн маданий жана коомдук жашоосундагы маанисин жогорулатууга багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин айтты.

Пикир

Оставить комментарий