• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Маданият министрлиги коомдук кабылдаманы онлайн жүргүзөт

Коом 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги коомдук кабылдаманы онлайн ыкмасында жүргүзөт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министрге кайрылууну каалаган бардык жарандар +996 701 701 581 (WhatsApp) номерине билдирме калтыруусу зарыл. Билдирменин аягында кайрылуучу жаран жеке WhatsApp номерин калтыруусу керек. Келип түшкөн кайрылуулар Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун жеке көзөмөлүндө болуп, видео чалуулар ар жуманын шаршемби күндөрү саат 16:00 – 18:00 чейин жүргүзүлөт.

Ошону менен бирге, министрлик бир дагы билдирме жоопсуз калбай тургандыгын маалымдайт.

Пикир

Оставить комментарий