• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Маданият министрлиги студенттик хор коллективдери арасында сынак жарыялайт. Шарттары

Маданият 0

Бишкек, 04.04.23. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз ССРнин эл артисти, биринчи хормейстер С.Юсуповдун 105 жылдыгына карата студенттик хор коллективдери арасында өтүүчү II республикалык кароо-сынак фестивалын өткөрөт.

Министрликтин маалыматына ылайык, кароо-сынак эл чыгармачылыкты, аткаруучу чеберчиликти, улуттук маданиятты өнүктүрүүгө жана өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга багытталган.

Шарттары:

- кароо-сынак фестивалына республикадагы студенттик хор коллективдери катыша алышат;
- кароо-сынак фестивалына катышуу үчүн хор коллективдери төмөнкү маалыматтарды кыргыз тилинде даярдап Улуттук маданий борборго ncc07@mail.ru электрондук почтага 25-апрелге чейин жиберүүсү зарыл;
- өздөрү жөнүндө мүнөздөмө;
- курамынын тизмеси жана жетекчинин, концертмейстердин аты жөнү телефон номери;
- аткарыла турган чыгармалардын программасы;
- хор жетекчисинин жана хордун концертмейстеринин сүрөтү, 10дон кем эмес коллективдин сүрөттөрү (Сүрөттөр JPEG форматында жогорку сапатта болуусу шарт);
- кароо-сынакка катышкан баардык хор топтору 23-24-май күндөрү Бишкек шаарынын конокторуна жана тургундарына концерттик программа тартуулашат;
- катышуучулар кароо-сынакка кыргыз жана дүйнөлүк композиторлорунун чыгармаларынан аткарышы керек;
- программада дайындалган чыгармалардын ичинен эки чыгарма акапелла калганы фортепианонун коштоосунда аткаруусу шарт;
- программадагы чыгармалардын ичинен төмөндөгү үч чыгарма сөзсүз аткарылуусу керек;
1) С.Юсупов “Ала-Тоо”;
2) М.Бегалиев “Ата Мекен”;
3) Ж. Шералиев “Фестиваль ыры”.

Ал эми Гала-концерт үчүн жогоруда аталган үч чыгарманы баардык хор коллективдери аткарышат.

Студенттик хор коллективдери арасында өтүүчү II Республикалык кароо-сынактын тандоо туру 23-майда Бишкек шаарында өткөрүлөт. Сыйлыктарды тапшыруу аземи кароо-сынакка катышкан студенттик хор коллективдеринин Гала-концерти менен коштолуп, ал 24-майда Бишкек шаарында өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий