• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Маданияттын жана цивилизациянын диалогу – тынчтыкка жана өнүгүүгө карай жол. Ашхабаддагы маанилүү форум

Аналитика 0

Түркмөнстандын борборунда "Мезгилдердин жана цивилизациялардын өз ара мамилелери тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи" аттуу жогорку деңгээлдеги эл аралык форум гуманист жана философ, акын жана ойчул Махтумкули Фрагинин 100 жылдыгына арналды. Конференциянын маанилүүлүгү анын ишине 9 президент катышып, бир нече делегацияларды мамлекеттердин экинчи жана үчүнчү адамдары жетектеп келиши жана эл аралык уюмдардын жетекчилери катышканы менен баса белгиленет. Тынчтыкты сактоо жана чыңдоо маселелери бул чоң жыйындын негизги темасы болду.

Миңдеген жылдар бою Жакынкы Чыгыштан Орто Азияга, түштүктөгү жылуу деңиздерден Сибирь, Евразия континенти мейкиндигине чейинки ар кыл элдердин ортосундагы мамилелердин татаал архитектурасын курган биздин ата-бабаларыбыздын тажрыйбасы бүгүнкү күндө биздин доорубуздун духуна болуп көрбөгөндөй ылайык келип, актуалдуу жана суроо-талапка ээ болуп турат. Маданий жана диний айырмачылыктарга карабастан, алар бизге достук, каада-салттарды урматтоо жана цивилизациялар аралык диалогду түзө билүү сыяктуу жөнөкөй жана маанилүү нерселерди үйрөтүштү. Бул мурас сакталышы керек. Тамырыбызга кайрылуу менен биз заманыбыздын чакырыктарына жооп таба алабыз.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров форумда сүйлөгөн сөзүндө Махтумкули Фраги тарыхта жөн эле ысым эмес, ал эркиндиктин, адамгерчиликтин жана бийик адептүүлүктүн символу экенин, анын идеялары жана чыгармачылыгы доорлор, элдер жана цивилизациялар ортосундагы көпүрөгө айланганын баса белгиледи.

"Бүгүнкү күндөгүдөй форумдар – биздин эки элдин ортосундагы байланыштарды кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө уникалдуу аянтчаны түзөт десем жаңылышпаймын. Алар диалогду бекемдөөгө, келечекте тыгыз кызматташууга өбөлгө болот. Анткени, маданият менен руханий дүйнө ынтымактын, тынчтыктын жана эл аралык кызматташуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Бүгүнкү форум эзелтен эле тарыхый терең тамырларыбыз бириктирип келген биздин өлкөлөр ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо үчүн бекем негиз катары кызмат кыларына ишенем.

Азыр биз дүйнө жаңы кыйынчылыктарга туш болгон доордо жашап жатабыз. Климаттын өзгөрүшү болобу, ааламдашуу же технологиялык революция болобу, биз баарына туруштук берүүгө даяр турушубуз керек", - деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы ошондой эле түркмөн адабиятынын негиздөөчүнүн чыгармачылыгы бири-бирибизди жакшыраак түшүнүүгө, тоскоолдуктарды жеңүүгө жана өз ара урматтоого жана ишенимге негизделген бекем байланыштарды түзүүгө жардам берип жатканын баса белгиледи. Садыр Жапаров кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун калеминен Махтумкули Фрагинин чыгармачылыгы жөнүндөгү саптарды келтирди: "Маданий мурастын маани-маңызы тигил же бул элдин улуттук байлыгын башкаларга марттык менен жайылтуу, башка элдердин маданий баалуулуктарын камтуу менен руханий жактан өз ара жакындоо процессине салым кошуу болуп саналат. Мында маданий мурасты таратуучу жардыланбайт, тескерисинче, алганы көп болуп, руханий жактан байыйт”, - деген экен.

Түркмөнстандын президенти Махтумкули Фраги өз доорунун да, бардык мезгилдердин да сөз чебери экенин баса белгиледи. Ал улуу даанышман катары өз чыгармаларында бүткүл адамзатты тынчтыкка, биримдикке чакырып, бүткүл адамзат үчүн баалуу болгон көз караштарынын аркасында дүйнөлүк цивилизациянын казынасынан түбөлүккө өзгөчө орунду ээлеген. "Улуу Фрагинин осуяттарын аткарууну биз ыйык милдетибиз деп эсептейбиз", — деп билдирди Сердар Бердымухамедов.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев түркмөн элинин чыгаан уулунун поэтикалык мурасы анын өлкөсүндө улуу Абайдын ырлары жана философиясы сыяктуу түрк маданиятынын жалпы казынасынын ажырагыс бөлүгү катары кабыл алынып жатканын белгиледи.

Россия Федерациясынын башчысы Махтумкули Фрагинин адилеттүүлүк, теңчилик, мамлекеттер менен элдердин ортосундагы достук жана жакшы коңшулаштык жөнүндөгү идеялары дүйнөдө болуп жаткан коркунучтарга жана чыр-чатактарга дуушар болуп турган учурда өзгөчө керек экенин белгиледи. Владимир Путин түркмөн акыны менен Россиянын байланышы тууралуу айтып берди: "Акын Астрахандан алыс эмес жерде бир топ убакыт жашаганы белгилүү. Түркмөн диаспорасы 17-кылымдын аягынан бери Фунтово айылында жашаган. 2019-жылы ошол жерге Гурбангулы Мяликгулыевич Бердымухамедовдун демилгеси менен Махтумкули Фраги атындагы мектеп курулган".

Замандардын жана цивилизациялардын өз ара байланышы – бул көзгө көрүнбөгөн материя, ал оор мезгилде дүйнөнүн глобалдык кагылышуусуна жол бербейт. Учурда адамзат туш болгон суроолорго тарыхта көптөгөн жооптор бар. Эл аралык форумдун катышуучулары Түркмөнстандын жетекчилигине жолугушууну жогорку деңгээлде уюштургандыгы жана аймакта тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого кошкон салымы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий