Мадриддик “Реал” командасы “Галатасарайды” ири эсепте жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 07.11.19. /Кабар/. Чемпиондор лигасынын 4-турунда мадриддик “Реал” түркиялык “Галатасарай” командасын 6:0 эсебинде утуп алды.

“Сантьяго Бернабеу” стадионунда өткөн оюнда Р.С. де Гоис хет-трик жаратканга жетишти. Ошондой эле “Реалдын” чабуулчусу Карим Бензема 2 гол киргизди. Испаниялык клубдун коргоочусу С. Рамос айып соккусун голго айлантты.

“Реал” жеңишке жетсе да А тайпасында экинчи орунга жайгашты. Ал эми, “Галатасарай” 1 упайы менен тизменин акыркы орунунда турат.

Эскерте кетсек, Чемпиондор лигасынын 4-турунда дагы бир катар оюндар болуп өттү. Алар “ПСЖ” менен “Брюгге” (1:0), “Аталанта” менен “Манчестер Сити” (1:1), “Динамо Загреб” менен “Шахтер Донецк” (3:3).

Пикир

Оставить комментарий