• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Мадумаров Баткендеги чек арага чектеш айылдарга, көзөмөл-өткөрүү жайларына жана чек ара бекеттерине барды

Өкмөт 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында чек арага чектеш айылдарга жана чек ара бекеттерине барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Ал кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы көзөмөлдү күчөтүү максатында Лейлек районундагы Интернационал айылындагы жана «Кайрагач» көзөмөл-өткөрүү жайларына барды. Акрам Мадумаров бул пункттардын ишин көрүп, санитардык-эпидемиологиялык жана башка текшерүү чараларын күчөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Ошондой эле вице-премьер-министр чек арага чектеш жайгашкан Жаңы-Жер жана Кулунду айыл аймактарына барды. Ал Чек арага чектеш райондорду өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын айрым пункттарын ишке ашыруунун жана жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий