Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Автомай куюучу станцияларда берилүүчү контролдук-кассалык чек, ККМге карата техникалык талаптарга ылайык бир катар маалыматтарды, анын ичинде товардын кодун (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду) жана товарды маркалоо белгисин камтууга тийиш. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-июлунан тартып "СМАРТ Салым" салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорунун алкагында май куюучу станциялар башкаруунун автоматташтырылган системасын жана сатылуучу отун жөнүндө маалыматты контролдук-кассалык чекте басып чыгаруу (аталышы, ЕАЭБ ТЭИ ТНнын коду, саны, 1 литр үчүн баа, жыйынтык баа) жана бул маалыматтарды салык органына онлайн-режиминде берүү функциясы бар ККМди колдонушат.
Бүгүнкү күндө мунайзат рыногунда бир катар ишкердик менен алектенген субъекттердин ККМ техникалык мүмкүнчүлүктөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-июнундагы № 356 токтомунда талап кылынган ченемдерге шайкеш келбейт, бул айып санкциясына дуушар кылуусу мүмкүн. Атап айтканда, алар онлайн-режимде сатылуучу товардын кодун (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду) салык кызматына бербей келишүүдө.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 30 Мыйзамынын негизинде 2175-беренеси менен толукталган, ага ылайык мунайзаттарды сатуунун тартибин бузгандыгы үчүн айып санкцияларынын жаңы өлчөмдөрү белгиленген.
Тактап айтканда, май куюучу станцияларда мунайзаттарды сатуу тартибин бузган фактылар аныкталган учурда жеке ишкерге 12 миң 500 сом, ал эми юридикалык жакка – 35 миң сом өлчөмүндө айып салынат.
Пикир
Оставить комментарий