Май майрамдары — Калкты тейлөө борборлорунун иштөө графиги жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 25.04.24. /Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министрлиги алдыдагы май майрамдарындагы Калкты тейлөө борборлорунун жана Региондор аралык бөлүмдөрүнүн иштөө тартиби тууралуу маалымат жарыялады.

Алсак, Калкты тейлөө борборлору жана Региондор аралык бөлүмдөр штаттык режимде түшкү тыныгуусуз иштейт:

  • 6, 7, 8-майда саат 8:00дөн 18 00гө чейин;
  • 10-11-майда саат 8:00дөн 18:00гө чейин.

Ошондой эле жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Бишкек шаарындагы кичи Калкты тейлөө борборлорунда жалпы жарандык паспортторду жана e-ID алуу боюнча кызмат көрсөтүлөт.

Бишкектеги кичи КТБлардын иштөө графиги:

  • 3, 4, 7, 8, 10, 11, 12-май — иш күндөрү, 10:00дөн 19:00гө чейин (түшкү тыныгуу 14:00-15:00);
  • 4-май — иш күнү, саат 10:00дөн 18:00гө чейин;
  • 1, 2, 5, 6, 9-май — дем алыш күндөрү.

Бишкектеги кичи КТБлардын даректери:

  • “Глобус-ЖЭБ” кичи КТБсы, Чүй проспекти, ЖЭБдин маңдайында.
  • “Азия” кичи КТБсы, Садырбаев көчөсү, 107 (Ахунбаев көчөсү менен кесилишет).

Мекемеден жарандар майрам жана дем алыш күндөрүн эске алуу менен, керектүү документтерди алдын ала толтурууга жана алууга кам көрүү керектигин эскертишти.

Пикир

Оставить комментарий