• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Майлуу-Суу шаарын өнүктүрүү форуму өттү

Аймак 0

Бишкек, 17.06.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарын өнүктүрүү, мурункудай алдыңкы шаар статусуна жеткирүү аракеттери башталды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы бидирди.

Маалыматка ылайык, бул багытта аталган калаада ири форум өтүп, бир нече инвестициалык долбоорлор презентацияланды.

Иш-чарага Жалал-Абад облусунун башчысынын орун басары Мамасалы Акматов, президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү, ЖККУнун Бишкек программалык кенсесинин башчысы Алексей Рогов, эл аралык донорлор, дипломатиялык жана ишкердик өкүлдөрү катышты.

Форумдун жүрүшүндө жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн эмгектери коюлган жарманке уюштурулду.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Майлуу-Сууда чакан ГЭС куруу, шаардын экономикасы түздөн-түз көз каранды болгон ири лампа заводун алдыга жылдыруу, өндүрүмдүн түрлөрүн көбөйтүп, экспортко чыгаруу маселелери көтөрүлүп, форумдун катышуучулары заводдун ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты.

Форумду Майлуу-Суу шаардык мэриясы президентке караштуу Улуттук инвестиция агенттиги менен биргеликте уюштурган.

Пикир

Оставить комментарий