• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Маймыл чечек оорусу. Кыргызстандыктардын дүрбөлөңгө түшүүсүнө негиз жок

Ден соолук 0

Бишкек, 20.08.24. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жана коңшу мамлекеттерде маймыл чечек оорусу катталган жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинин эпидемиолог-дарыгери Венера Алымкулова билдирди.

Анын айтымында, маймыл чечек оорусунун өлкөгө киришин болтурбоо максатында Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан алдын алуу чаралары көрүлүүдө. Аэропорттордо, темир жол станцияларында жана чек ара постторунда санитардык-карантиндик чаралар күчөтүлүп, маймыл чечек оорусу катталган өлкөлөрдөн келген жарандарга өзгөчө көңүл бурулууда.

Учурда санитардык-карантиндик пункттар адамдардын дене табын өлчөө үчүн тепловизор жана байланышсыз термометрлер менен жабдылган. Мындан сырткары, медицина кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу иштери жүрүүдө.

“Жугуштуу оорунун инкубациялык убактысы 14 күндөн 20 күнгө чейин созула тургандыктан, дайыма коркунуч бар. Ошондой эле туристтер же эс алууга барып келген жарандар ооруну алып жүрүүчү болуп калышы мүмкүн. Мындан улам мамлекет тарабынан оорунун келип чыгышын алдын алуу үчүн чаралар көрүлүп жатат”, - деди ал.

Ошондой эле эпидемиолог департаментте акысыз анализдер, ПЧР-тесттер жасаларын айтты.

“Оору катталган мамлекеттерден Кыргызстанга келүүнү каалаган туристтер өлкөсүнөн чыгаар алдында скринингден өтүп, зарыл болгон учурларда медициналык жардамдарды алуусу керек. Дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок. Кыргызстанда жана коңшу мамлекеттерде маймыл чечек оорусун жуктурган учурлар катталган жок”, - деди дарыгер.

Пикир

Оставить комментарий