• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Махачкаладан Бишкекке түз аба каттамы ачылат

Коом 0

Бишкек, 13.06.22. /Кабар/. 22-июндан тартып Red Wings авиакомпаниясы Бишкектен түз каттамдарды аткара баштайт. Бул тууралуу Дагестан аэропортунун коомчулук менен байланыш боюнча башкы директору Сапура Магомедовага шилтеме берүү менен Интерфакс жазды.

Такталгандай, каттамдар Sukhoi Superjet 100 учагы менен аткарылат.

“Учак Махачкаладан Бишкекке шаршемби күндөрү саат 23:35те чыгып, Кыргызстанга жергиликтүү убакыт боюнча саат 05:40та конот. Ал эми Бишкектен бейшемби күндөрү саат 06:40та учуп, Махачкалага саат 07:20да конот”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий