• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Ханнс Зайдель фондунун башчысы: "Ыраазычылык" айтуунун жолу ушундайбы?

Коом 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Ханнс Зайдель фондунун Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн башчысы, доктор Макс Георг Майер кеңири тараган кайрылуусунда айрым депутаттар тарабынан сунушталган чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамга таң калганын билдирди.

Фонддун жетекчисинин айтымында, Германиянын Ханнс Зайдель фонду Кыргызстанда 20 жылдан бери иштеп келе жатат жана бул убакыттын ичинде уюм өлкөдөгү мамлекеттик башкарууну жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө салым кошууга аракет кылып келет.

Төмөндө Борбор Азиядагы Ханнс Зайдель фонду тараткан толук текстти келтиребиз:

"Германиянын Ханнс Зайдель фонду Кыргызстанда 20 жылдан бери иштеп келе жатабыз жана 2022-жылы 20 жылдык юбилейибизди белгилей турганыбызга
сыймыктанабыз.

20 жыл бою биз Кыргызстандагы өнөктөш уюмдар менен биргеликте сиздердин өлкөнүн мамлекеттик башкаруусун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусун
өнүктүрүүгө багытталган аракетибизди кылып келебиз. Бул аралыкта биз кээде түнкүсүн жана дем алыш күндөрү дагы иштеп, окутуу, жолугушуу жана конференция сыяктуу ар кандай иш-чараларыбыз аркылуу ийгиликке жетүүнүн аракетиндебиз. Эң алыскы айылдарды кыдырып, ал жактагы мамлекеттик кызматкерлерге дагы колдоо көрсөтүүгө көмөктөшүп келетабыз.

20 жыл бою кээ бир жагдайларда нааразы болсок дагы, ар дайым жүзүңүздөргө жылмайып, ал нааразычылыгыбызды көрсөтпөгөнгө аракет кылып келдик. Өткөн жылы Кыргыз мамлекети улуттук жана эл аралык бейөкмөт уюмдардын ишин оорлотуучу шарттарды түзсө дагы, нааразычылыгыбызды көрсөтпөй, жүзүбүздөн жылмаюуну кетирбегенге аракет кылдык. Албетте, биз дагы адамбыз. Ошондуктан ар кандай эмоциялар бизде дагы болот. Биз 20 жыл бою ушунча аракет кылсак дагы, Кыргызстандан мындай жоопту күткөн эмеспиз. Ошондуктан мындай жооп бизди өтө капа кылды.

Бирок акыры кандай жооп алдык: Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Надира Нарматова бизге окшогон уюмдарга чет элдик агенттер боюнча мыйзам кабыл алууну сунуштап, «биз аларга чет элдик агент деген макам бермейинче, республикада тынчтык болбойт» деген катуу аргументти карманып келет. Чынын айтсам, бул мамиле жеке мени жана биздин уюмду каралап, жүрөгүмдү терең жаралап жатат.

Анан мен өзүмө бир аз суроо бере баштадым: “Кыргыз элинин "ыраазычылык" айтуусунун жолу ушундайбы?”

Пикир

Оставить комментарий