• 87
  • 91.26
  • 0.84

Максат Мамытканов Азербайжандын экология министри менен жолукту

Экономика 0

Бишкек, 16.12.24. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Максат Мамытканов Азербайжандын экология жана жаратылыш ресурстары министри Мухтар Бабаев менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 11-23 ноябрда Бакуда өткөн БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык конвенциясынын тараптарынын Конференциясынын 29-сессиясынын (COP29) жана Кыргызстандын делегациясынын бул глобалдык климат форумуна катышуусунун жалпы жыйынтыктарын талкуулашты.

Элчи Максат Мамытканов Кыргызстандын демилгеси боюнча 2022-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан жарыяланган 2023-2027-жылдарга "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгына" ылайык илгерилитилип келген Кыргызстандын тоо демилгелерин колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун соңунда маектештер айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө, анын ичинде тоолуу аймактардын көйгөйлөрүн чечүүдө, БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык конвенциясынын тараптарынын Конференциясынын жана СОР29дагы Азербайжандын төрагалыгынын алкагында биргелешкен иштин маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий