• 86.8
  • 91.76
  • 0.8

Максатбек Саргазаков: "Электрондук эмгек китепчесине" өтүү этап-этабы менен жүргүзүлөт

Коом 0

Бишкек, 29.11.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Кыргызстанда "Электрондук эмгек китепчесине" өтүү этап-этабы менен жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттинде өткөн маалымат жыйында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Максатбек Саргазаков билдирди.

Анын айтымында, "Электрондук эмгек китепчеси" бүгүнкү күндө 3 мамлекеттик органда пилоттук режимде иштеп жатат, ал эми өнөр жайлык пайдаланууга этаб-этабы менен киргизилет:

  • биринчи этабы мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын камтып, бул мекемелердин кызматкерлери өз эмгек китепчелеринин маалыматтарына жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат;
  • экинчи этапта система жеке жана мамлекеттик эмес уюмдарга киргизилет.

"Долбоор мамлекеттик башкарууну санариптештирүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Пилоттук режимдеги ишке киргизүү ийгиликтүү аяктагандан кийин система республикалык деңгээлде кеңири колдонууга киргизилет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий