Максатбек Сазыкулов эч жакка чыкпоо тил каты менен камактан чыкты

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.06.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын экс-вице-мэри Максатбек Сазыкулов эч жакка чыкпоо тил каты менен камактан чыкты.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 30-майындагы токтому менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылды.

Мындан мурдагы С.М.Ш.га карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы эч жакка чыкпоо тил каты менен өзгөртүлдү.

Эскерте кетсек, Максатбек Сазыкулов мыйзамсыз курулган коммерциялык объектилерди калкалоого айыпталып кармалган.

Пикир

Оставить комментарий