• 87
  • 90.64
  • 0.85

Максим Бакиев эми Англияда тиешелүү жазасын алат - Атамбаев

Президент 0

Чолпон-Ата, 24-июль /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин баласы - Максим Бакиев боюнча жиптин учугу көрүндү, эми ал Англияда тиешелүү жазасын алат. Бул тууралуу Чолпон-Атадагы маалымат жыйында президент Алмазбек Атамбаев билдирди.

Президент бул иш мамлекеттик сыр болгонуна байланыштуу майдалап токтолгон жок.

“Бул жерде бизде мүмкүнчүлүк пайда болду. Биз аны кое бербейбиз. Мен үчүн дагы бул эң маанилүү маселелердин бири”,-деп белгиледи Атамбаев.

Мамлекет башчысы Максим Бакиевге утулган Улуу Британиянын соттору анын уурдалган каражаттарын алуусуна себепкер болгон.

“Бул саам ал кутулуп кете албайт”,-деп кошумчалады Атамбаев.

Пикир

Оставить комментарий