• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бир учурда 2-3 жерде айлык алып иштеп жүргөн чыгармачыл инсандардын иши жөнгө салынат 

Коом 0

Бишкек, 04.08.23. /Кабар/. Бир эле учурда 2-3 жерде айлык алып иштеп жүргөн чыгармачыл инсандардын иши жөнгө салынат. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Ысык-Ата райондук Б. Эдигеев атындагы "Арашан” элдик-фольклордук ансамблинин чыгармачыл жамааты менен жолугушкан учурда билдирди.

Министрликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуу күн мурун, 3-августта өтүп, министр менен аталган фольклордук ансамблдеги чыгармачыл инсандар жакындан баарлашкан.

Министр алардын ой-пикирин угуу менен бирге, учурда министрлик тарабынан фольклордук ансамблдердин, элдик чыгармачыл топтордун ишинин натыйжалуулугун арттыруу, айрым талапка жооп бербеген чыгармачыл топторду кыскартуу боюнча аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий