Кыргыздын улуттук ашканасы абдан ар түрдүү жана пайдалуу. Алсак, чаңкаган адамдын суусунун кандырган суусундуктарыбыз кимге гана жакпайт. Кымыз, жарма, максым, чалап жана башкаларды даярдоону бардык эле кожойкелер биле беришпейт. Андыктан сиздерге жарма менен максымды жасоо ыкмаларын сунуштайбыз. Бул суусундуктарды даярдаганды үйрөнүп алсаңыз жай саратанында дагы чаңкоо эмне экенин билбей, тамшана ичесиз.
Жарма - Талкандан жасалган суюк тамак. Арпа, буудай, жүгөрү талкандан, акшактан, актаган таруудан же коноктон жасалат. Жарманын бир нече түрү бар. Кайнаган сууга талкан (акшак) чалып, 25-3- мүнөт бышырып, илеби кайтканда туз татытып, ак (сүт, айран, сүзмө, эзилген курут) катыктаса, катыкталган жарма аталып, ысык же муздак ичилет. Катыксыз жалаң талкандан жасалса кара жарма, сүткө акшак чалып, суу кайтанып бышырса, сүт жарма, нак сорпого жасаса, сорпро жарма, ачыткы куюлуп, азыраак ун чалынып, ачытылганы ачкыл жарма же максым делип, суу сундун катары ичилет. Жарма талкандын түрүнө жараша таруу жарма, буудай жарма, апра жарма деп да бөлүнөт. Жарманы аш болумдуу мүнөз тамак катары жыл бою ичсе болот.
Максым – жарма, ачкыл, магзым аш – талкандан жасалган ачымал суу сундук, ачытылган жарма. Көбүнчө талкан чалынып, 15-30 мүнөт кайнатылат. Даамдуу болсун үчүн кээде талканы алдын ала майга чала куурулат. Суугандан кийин көрөңгө (ачыткы, катык) куюлуп, бир аз ун чалынат. Демейде жыгач же сыр идишке үстү жабылып, 4-5 саатка жакын ачытылат. Кыргызстандык ишкерлер максым жасоонун технологиясын өркүндөтүшүн, максымдын жасоо өндүрүшүн жолго коюп, максым шоро, жарма шоро, бозо шоро, чалап шоро, шоро ж.б. түрлөрүн жасап, чет өлкөлөргө (Кытай, Казакстан ж.б.) экспорттоодо. Максым мүнөз тамак катары да ичилет.
Пикир
Оставить комментарий