• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Малайзияда Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди

Экономика 0

Бишкек, 19.11.24. /Кабар/. Шах-Алам шаарында Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Анвар Анарбаев Селангор штатынын Аткаруу кеңешинин мүчөсү, штаттын Айыл чарба жана инфраструктура министри Изхам бин Хашим, ошондой эле штаттын ишкерлер тобу менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат малайзиялык тарапка тартууланды. Жолугушуунун катышуучулары мал чарбачылыкты жана этти кайра иштетүү багыттарына басым жасоо менен өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык мамилелерди өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Бул тармактар боюнча конкреттүү инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоо үчүн жакынкы арада эки өлкөнүн бизнес делегацияларынын өз ара иш сапарларын уюштуруу жөнүндө макулдашууларга жетишилди.

Маалымат үчүн: Селангор Малайзиянын эң өнүккөн штаты, ИДПнын көлөмү эң жогору жана Малайзиянын бардык штаттарынын ичинен калкы көп штат болуп саналат. Селангор ошондой эле жашоо деңгээли боюнча эң жогорку көрсөткүчкө ээ, ошондой эле жакырчылыктын деңгээли эң төмөн.

Пикир

Оставить комментарий