Бишкек – Куала-Лумпур түз авиакаттамын ачуу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Бишкек – Куала-Лумпур түз авиакаттамын ачуу пландалууда. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстандын Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов жана “Манас эл аралык аэропорту” ААКнын коммерциялык директору Аман Мамаев баштаган делегация Малайзияда иш сапары менен жүрөт.

Кыргыз делеагциясынын иш сапарынын алкагында Малайзиянын авиациялык бийлиги, ири авиакомпаниялардын жетекчилери, ошондой эле Куала-Лумпур шаарынын эл аралык аэропортунун өкүлдөрү менен жолугушуулар пландаштырылган.

Белгилей кетсек, кыргыз делеациясы күн мурун, 10-июнда Малайзиянын Транспорт министрлигинин Авиация департаментинин директорунун орун басары Х.Халил жана Малайзиянын Жарандык авиация башкармалыгынын директорунун башкы жардамчысы А.Хитам менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз делегациясы Кыргызстанда жарандык авиациянын өнүгүшү жөнүндө кеңири презентация жасап, малайзиялык авиакомпанияларга Бишкекти транзиттик пункт катары пайдаланууга мүмкүнчүлүк берген бешинчи даражадагы аба эркиндиги бериле тургандыгын ырастады, ошондой эле Малайзия тарапка өлкөнүн туристтик потенциалы тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде Малайзия тарап эки өлкөнүн борборлорунун ортосундагы жүргүнчү жана жүк ташуучу авиакаттамдарды ишке ашыра турган атамекендик авиакомпаниялардын демилгелерин толугу менен колдой тургандыгын ырастады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы аба каттамы жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга керектүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү макулдашты.

Делегациянын иш сапары Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин үстүбүздөгү жылдын 15-16-майындагы Кыргызстанга расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий