• 87
  • 90.41
  • 0.84

Малайзияда дүйнөдөгү эң бийик дарак табылды

Дүйнө 0

Бишкек. 09.04.19 /Кабар/. Улуу Британия жана Малайзиянын изилдөөчүлөрү жакында эле бийиктиги 100 метрден ашкан дүйнөдөгү эң бийик даракты Малайзиянын Борнео аралынан таап алышканын жарыялашты. Бул тууралуу The Times басылмасы жазды.

Бакка чыгуу үчүн үч саат бою аракет кылган Оксфорд университетинин изилдөөчүсү Александр Сенькин буга чейин бийик дарактарды көп көргөнүн? бирок мындай бийик даракты биринчи жолу көрүп жатканын билдирген.

Улуу Британия жана Малайзиянын изилдөөчүлөрү дарактын атын "Менара" деп аташты. "Менара" малай тилинен которгондо "мунара" дегенди билдирет.

Дарактын салмагы тамырын эсепке албаганда 81,5 миң килограмм, баш жагынын туурасы 40 метрге жетет. "Менара" Shorea faguetiana түрүнө таандык.

Буга чейин мындан бир жыл мурун бийиктиги 96,9 метр болгон дүйнөдөгү эң бийик дарак Малайзиядагы "Тава Хиллс" паркында катталган.

2016-жылы The Straits Times басылмасы Малайзиянын Борнео аралындагы Сабах аймагын дүйнөдөгү эң бийик 50 дарак катталган жер экенин жазган.

Пикир

Оставить комментарий