• 86.96
  • 91.03
  • 0.84

Малдын катышуусу менен жол кырсыгына ким күнөөлүү болот? Милициянын жообу

Кырсык 0

Бишкек, 18.11.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 10 айында Ысык-Көл облусунун аймагында малдын катышуусу менен 134 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 2 адам каза болсо, 9 адам ар кандай жаракат алган. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Мал айдоочуларга жол кыймылынын бардык катышуучуларына арналган эрежелердин 24 бөлүгүндө төмөндөгү талаптар каралган:

• 24.5 пункту боюнча: Малды жол аркылуу, эреже катары, күндүзү айдоо керек. Жергиликтүү маанидеги жолдорду кошпогондо, аларды унаа жолдорунун боюна жана газондорго жаюуга тыюу салынат. Мал айдагандар малды мүмкүн болушунча жолдун оң жагына жакын айдоого тийиш.

• 24.7 пункту боюнча: Арабаны (чананы), минилүүчү, көлүк малдарды жана малдын тобун айдоочуларга төмөнкүлөргө тыюу салынат:

- малды жолго кароосуз калтырууга;

- атайын бөлүнгөн жерлерден башка жерде, ошондой эле караңгыда жана айлана начар көрүнгөн шартта малды темир жол жана жол аркылуу айдоого (буга ар кандай деңгээлдеги мал айдоочу жерлер кирбейт);

- башка жолдор бар туруп асфальт жана цемент-бетон төшөлгөн жол боюнча мал айдоого;

- чегилбеген малды кыймылдын багытында арабадан бир метрден ашпаган аралыкка оң жакка байлабастан арабаны (чананы) башкарууга.

Жол кыймылынын бардык катышуучуларына арналган эрежелеринде көрсөтүлгөн жогорудагы пункттардын талаптары аткарылбаса, анда мал айдоочуга карата Бузуулар жөнүндө кодексинин 125-беренесинин 1-бөлүгү (Жөө жүрүүчүнүн, велосипедчендин, көлүк унаа башкаруучунун, мал айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу) боюнча 1000 сом өлчөмүндө айыппул салынышы мүмкүн.

Мындан тышкары, эгерде соттук-техникалык экспертизанын жыйынтыгы жол кырсыгы малдын күнөөсү менен болгондугун тастыктаса, анда мал айдоочуга карата унаа каражатына келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу жоопкерчилиги колдонулушу мүмкүн. Ошондой эле жол кырсыгынан унаа каражатында бара жаткан адамдар жабыркаса, алардын дарылоосун камсыз кылууга мажбур болот. Ал эми адам каза болуп калса, анда Жазык кодексинин 135-беренесинин (Этиятсыздыктан киши өлтүрүү) негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Пикир

Оставить комментарий