Мамбетов: Ош шаарынын бюджетин дагы 500 миллионго жогорулатууга толук мүмкүнчүлүк бар

Аймак 0

Бишкек, 12.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 12-августунда Ош шаарынын мэриясынын кезектеги коллегиялык жыйыны болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов, коллегиялык жыйындын мүчөлөрү, шаардагы мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканаларынын жетекчилери катышты.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, анда эки маселе күн тартибинде каралды:

1. Ош шаарынын 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү-нүн жыйынтыктары жана 2021-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата милдеттер жөнүндө;
2. Кыргыз Республикасынын «Билим берүү» мыйзамынын аткарылышы 2020-2021-окуу жылындагы Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгү жана жаны 2021-2022-окуу жылына карата даярдыктар жөнүндө.

Шаар башчысынын милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов жергиликтүү бюджетти көбөйтүү багытына каттуу талаптарды койду.

"Ош шаарынын бюджетин дагы 500 миллионго жогорулатууга толук мүмкүнчүлүк бар. Бул үчүн салык кызматы аймактык башкармалыктардын башчылары менен биргеликте көмүскө экономиканы жоюу багытында каттуу иш алып баруу зарыл. Ошондой эле, санариптешүү багытын чечип, бирдиктүү электрондук базаны иштеп чыгуу учурдун талабы. Жыл аягына чейин бул багыттагы иштерди бүтүрүүнү мэриянын тышкы байланыштар жана аналитика бөлүмүнө жана салык кызматына тапшырам", - деди Мамбетов.

Ошто патенттин негизинде иштеген 7 миң 440 ишкер катталган. Жалпысынан шаар боюнча 34 миң салык төлөөчү катталган, анын ичинен 13,5 миңи активдүү салык төлөп келет. Көмүскө экономиканын пайыздык көрсөткүчү 23% экендигин статистика кызматы белгиледи.

2021-жылдын январь-июнунда жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы трансфертерди жана атайын каражаттарды кошкондо) 105,8% түзүп, жеткирилген план 618,6 млн сом болсо, иш жүзүндө 654,7 млн сом жыйналып, пландан тышкары кошумча 36 млн сом жыйналган. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 191,2 млн сом ашыкча жыйналып, өсүү темпи 141,2 % түздү.

Пикир

Оставить комментарий