• 87
  • 90.41
  • 0.84

Мамкаттоо убактылуу айдоочулук күбөлүктүн мөөнөтү 15-февралда аяктаарын эскертет

Коом 0

Бишкек, 10.02.20. /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматы 2019-жылдын 10-июнунан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу мөөнөтү менен берилген айдоочулук күбөлүктөрдүн (шарттуу түрдө «убактылуу» деп аталган) мөөнөтү 2020-жылдын 15-февралында бүтөрүн эскертет. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

“Буга байланыштуу ар кандай кыйынчылыктарга кабылбоо үчүн «убактылуу» айдоочулук күбөлүктү 2020-жылдын 15-февралына чейин алмаштырууну суранабыз”,- деп айтылат маалыматта.

Айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн жарандардан арыз Унаа мамлекеттик мекемесинин бардык аймактык бөлүмдөрүндө кабыл алынат.

Бишкек шаары боюнча айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча арыздар Бишкек шаары Ч.Валиханов 2 дарегинде («Аю Гранд» гипермаркетинин аймагында), ал эми айдоочулук күбөлүктөрдү берүү М.Ауэзов 1/5 дарегинде жайгашкан төртүнчү калкты тейлөө борборунда жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий