Бишкек, 24.08.17. /Кабар/. Биометрикалык маалымат тапшырган кыргызстандыктардын саны 3 млн адамдан ашты. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Үстүбүздөгү жылдын 24-августуна карата алынган маалыматтар боюнча, өздүк маалыматтарын тапшырган кыргызстандыктардын саны 3 млн 1 миң 286 адамга жеткен. Алардын арасында 70 миң 148 адам 2017-жылдын май айынан тарта өздүк маалыматтарын тапшырышкан.
Акыркы күндөрү алдыдагы шайлоого байланыштуу биометрикалык маалыматтарын тапшыргандардын саны өстү. Президенттик шайлоого катышууну каалаган жарандар ушул жылдын 30-сентябрына чейин бардык паспорт берүүчү жайларда, жарандык абалды каттоо актылары бөлүмүндө же (ЖАКТ), Мамкаттоо кызматынын калкты тейлөө борборлорунда өздүк маалыттарын тапшыра алышат.
Биометрикалык маалыматтарын КРнын 16-жаштан өйдө жарандары тапшыра алышат.
Пикир
Оставить комментарий