• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Мамкаттоонун функцияларын эми Санариптик өнүктүрүү министрлиги ишке ашырат

Коом 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматынын функцияларын эми Санариптик өнүктүрүү министрлиги ишке ашырат. Бул тууралуу Юстиция министрлиги билдирет.

КР министрлер кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө” токтому менен КР өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын жана КР Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын базасында Мамлекеттик каттоо кызматынын укук мураскери болуп эсептелинген КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги түзүлдү.

Мындан тышкары, Юстиция министрлигинин карамагында болгон Архив агенттиги, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти, “Унаа” мамлекеттик мекемеси, “Инфоком” мамлекеттик ишканасы дагы Санариптик өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилген.

"Ушуга байланыштуу, жарандарды жана юридикалык жактарды архив иши, калкты, автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү маселелер боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлигине кайрылуу керектиги жөнүндө маалымдайбыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий