Бишкек, 25.12.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Мамлекеттик курулуш агенттигинде быйыл санариптештирүү тармагында 4 маалыматтык система жана 2 реестр толук кандуу ишке киргизилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (Мамкурулуш) директору Нурлан Орунтаев Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, агенттиктин сайты аркылуу кыймылсыз мүлк объектилеринин маалыматтык системасын көрүүгө болот.
“Маалыматтык системадагы картадан курулуп жаткан объектинин мыйзамдуулугун жана мыйзамсыздыгын текшерүүгө болот. Ошондой эле кайсы компания салып жатат, кандай инженердик-коммуникациялар кошулат, объект канча кабат, аянты канча экендигин ушул маалыматтык системадан билсе болот”,- деди Орунтаев.
Ошондой эле социалдык-маданий багыттагы курулуп жаткан объектилердин электрондук реестрине токтолду.
“Курулуп жаткан объектилердин электрондук реестринен кандай объект курулуп жатат, кандай документтери бар, курулуш кандай жүрүп жатат бардыгын көрүп турганга мүмкүнчүлүк пайда болду”, - дейт ал.
Пикир
Оставить комментарий