• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Мамкурулуш быйыл 87 объекттин курулушун жана оңдоо иштерин бүткөрүүнү пландоодо - тизме

Коом 0

Бишкек, 26.07.22. /Кабар/. Мамлекеттик курулуш агенттиги быйыл 87 объекттин курулушун жана оңдоо иштерин бүткөрүүнү пландоодо. Бул тууралуу маалымат жыйында Архитектура, курулуш жана турак жай мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетыбаев билдирди.

Анын ичинен:
- 60 курулуш объекти — 6 миң 542 окуучулук орунга ылайыкталган 29 мектеп, тиешелүү окуу корпусу бар 12 спорзал, 895 орундуу 9 балдар бакчасы, бир саламаттык сактоо объекти, 500 кишилик 2 маданият үйү, айылдардагы 6 спорт комплекси жана спорт залдар, бир администрациялык имарат;

- капиталдык ремонттон өткөрүлүүчү объектилер 13 — 10 мектеп, бир балдар бакчасы, 1 үй-бүлөлүк медициналык борбору жана бир маданият үйү;

- 14 суу менен камсыздоо объектиси.

Региондор боюнча алганда:
- Бишкек жана Чүй облусунда - 11 объект;
- Ош облусунда - 32 объект;
- Талас облусунда - 6 объект;
- Нарын облусунда - 5 объект;
- Ысык-Көл облусунда - 6 объект;
- Жалал-Абад облусунда - 15 объект;
- Баткен облусунда - 12 объект.

Пикир

Оставить комментарий