• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Мамкурулуш курулуш жаатында инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган жобону бекитти

Коом 0

Бишкек, 16.08.21. /Кабар/. Мамкурулуш курулуш жаатында инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган жобону бекитти, деп билдирет Мамкурулуштун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, КР президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” Жарлыгын аткаруу менен, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого жана курууга карата документтерди алуу жол-жобосун жакшыртуу аркылуу ашыкча административдик тоскоолдуктарды четтетүү максатында иштелип чыгып министрлик жана ведомстволор менен макулдашылды.

Тѳмѳнкү айтылган жобо министрлер кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы №114 токтому менен бекитилген.

“Аталган жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-январындагы №12 колдонуудагы жобонун ордуна иштелип чыккан. Ушул жобонун долбоорун кабыл алууда Курулуш жаатында ишвестициялык климатты жакшыртууга жана “Doing business” эл аралык рейтингде Кыргыз Республикасынын позициясынын жогорулашына мүмкүндүк берет", - деп белгилейт Мамкурулуштун директору Токтомамбет Сатышов.

Иштелип чыккан жобо колдонуудагы жободон айырмаланып төмөнкү негизги өзгөртүүлөр каралган:

-архитектуралык-пландоо шарттарын жана инженердик-техникалык шарттарды кошуу менен шаар куруу корутундусун Архитектуралык-шаар куруу корутундусу деген аталышта бирдиктүү документтин алуу менен жол-жоболордун кыскарышына жана объекттерди долбоорлоо жана курууга карата долбоорлоо алдындагы документтерди алууда документтерди кароо мөөнөөтөрүн кыскартууга мүмкүндүк берет;

-“Башкы план”, “Архитектуралык чечим” жана “Тышкы тармактар” долбоорлоо-сметалык документтердин экспертиза бөлүмдөрү жокко чыгарылган, ошондой эле долбоорлоо документтерин макулдашуу менен байланышкан архитектура органдарынын жоопкерчилиги жогорулаган, архитектура жана экспертиза органдарынын иш-аракети жоюулган;

-экспертизадан өтүү зарылчылыгы жок жөнөкөйлөтүлгөн тартипте уруксат берүүчү документтерин алуу зарыл болгон объекттердин ар түрдүү санын көбөйтүү, ушуну менен жогоруда аталган объекттердин долбоорлоо ченемдерин сактоодогу жоопкерчилик долбоордун башкы архитекторуна (инженер) жүктөлгөн;

-долбоорлоо документтеринин макулдашуу жана экспертизадан этап менен өтүү жол-жобосун регламенттөө бөлүгүндө жобого толуктоолорду киргизүү жолу менен долбоорлоо жана курулуш жол-жоболорун айкалыштыруу режимин киргизүү менен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мөөнөтүн төмөндөтүүгө, финансылык каражаттарды жүгүртүү циклдерин арттырууга жана капиталдык салымдардын натыйжалуулугуна, курулуш техникаларын жана өндүрүш күчтөрүн колдонууну рационализациялоого мүмкүндүк берет;

-долбоорлоонун шарттары киргизилген, ал жерде тапшырыкчы (заказчик) тиешелүү лицензия менен долбоордук уюмду тандайт, башкы долбоорлоочу жана автордук көзөмөлдөө функцияларын аткарууга келишим түзөт, макулдашуу жана экспертизада долбоорду коштоо, ушуга байланыштуу долбоорлоочу уюмдун жоопкерчилиги жогорулоо менен долбоордук өндүрүмдүн (продукциясынын) сапатына оң таасирин тийгизет;

-техникалык көзөмөлдөөнүн жоопкерчилиги жана көз карандысыз инженер-консультат менен (консультациялык фирма менен) жүргүзүлүүчү курулуш-монтаждоо (КМИ) иштеринин сапатын үзгүлтүксүз контролдоо кеңейтилген.

Пикир

Оставить комментарий