• 87
  • 90.43
  • 0.88

Мамкурулуш менен МИК кызматташтык келишимине кол коюшту

Коом 0

Бишкек, 30.04.22. /Кабар/. КР министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жана «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнын ортосунда "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасынын алкагында Иссык-Кѳл облусунун ички иштер башкармалыгына турак жай куруу кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Мамкурулуштун басма сөз кызматы билдиргендей, бул макулдашууну ишке ашыруунун алкагында шаар куруу документтерин, долбоордук-сметалык документтерди жана курулуш үчүн тендер өткөрүүнү жол-жоболорун даярдоо боюнча иштер башталды.

КР министрлер кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы токтому менен бекитилген «Менин үйүм-2021-2026» турак-жай программасында бекитилгендей, макулдашуунун негизинде Кыргызстандын бардык аймактарында турак жайларды куруу иштери башталат.

Пикир

Оставить комментарий