• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Мамкурулуш Ошто мыйзамсыз курулуш жүргүзгөндөргө 1 млн сом айып салды

Коом 0

Бишкек, 01.09.22. /Кабар/. Ош шаарында мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн жактарга 1 млн сом айып салынды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" КР мыйзамынын талаптарын бузуулар аныкталгандыгына байланыштуу Ош шаары боюнча архитектура-курулуш көзөмөлү башкармалыгы тарабынын тиешелүү жактарга 1 млн сом өлчөмүндө административдик айып салынды.

Мамкурулуш куруучулардан архитектура жана шаар куруу жаатындагы мыйзамдарды сактоону өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий