• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Мамкурулушта кытайлык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү

Коом 0

Бишкек, 12.10.24. /Кабар/. Күн мурун Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде Кытайдан келген Xinjiang Tianyu Engineering Testing Co., Ltd компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө курулуш тармагындагы кызматташуунун негизги маселелери, анын ичинде Кыргызстанда лабораторияны долбоорлоо жана куруу, заманбап курулуш нормаларын жана эрежелерин (SNIP) киргизүү, имараттардын жана курулмалардын сейсмикалык туруктуулугу, ошондой эле өндүрүштүн көлөмүн жогорулатууга багытталган технологияларды иштеп чыгуу талкууланды.

Мамкурулуштун директору Нурдан Орунтаев Кытай менен курулуштун инновациялык чечимдери жана технологиялары боюнча өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун катышуучулары курулуштун учурдагы тенденцияларын, тажрыйба алмашууну жана Кыргызстандын курулуш тармагын өнүктүрүүгө жана объектилердин коопсуздугун жогорулатууга салым кошо ала турган биргелешкен долбоорлорду талкуулашты.

Тараптар пландалган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча аракеттерди мындан ары координациялоого жана конкреттүү кадамдарды иштеп чыгууга кызыкдарлыгын билдиришти.

Белгиленгендей, бул кызматташтыктын жыйынтыгы Кыргызстандын курулуш тармагын туруктуу өнүктүрүүгө маанилүү салым болору күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий