Мамлекет тарабынан медицина кызматкерлерин колдоого өзгөчө көңүл бурулууда – Акылбек Жапаров

Коом 0

Бишкек, 03.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Мамлекет тарабынан медицина кызматкерлерин колдоого өзгөчө көңүл бурулууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына караштуу Тестирлөө жана клиникалык көндүмдөр борборунун жаңы имаратынын ачылыш аземинде билдирди.

Анын айтымында, 1-июлдан баштап президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен медицина кызматкерлеринин айлык маянасы көтөрүлдү.

“Быйылкы жылдын 1-июлунан тартып клиникалык ординаторлорго 20 миң сом өлчөмүндө стипендия берилип баштайт. Алыскы райондордо, чакан шаарларда жана айыл жергесинде жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарынын дарыгерлерине, кошумча түрткү берүү программасы боюнча иштеген дарыгерлерге врачтын депозитинин ар кыл суммасы белгиленген. Бишкек жана Ош шаарларынын тез жардам врачтарына 20 миң сом өлчөмүндө төлөм каралды”, - деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле ал көрүлүп жаткан мындай чаралар медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга, медиктердин эмгегинин жогору бааланышына багытталгандыгын белгилеп, саламаттык сактоонун бардык кызматкерлерин келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, мамлекет башчысынын жарлыгына ылайык, 1-сентябрынан тарта дарыгерлер персоналынын кызматтык маяналары 50 %га чейин, орто медициналык персоналдын маяналары 20 %га чейин, кенже тейлөөчү персоналдын, ошондой эле тез жардам кызматынын айдоочуларына кызматтык маяналары 10%га чейин жогорулатылат. Буга чейин клиникалык ординатордун стипендиясы 1 миң 200 сом болсо, 1-июлдан тарта стипендиянын суммасы 20 миң сомду түзөт. Мындан сырткары жаш адистердин айлык акысына кошумча берилүүчү стипендиясынын жана дарыгерлердин депозитинин көлөмү көбөйтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий