• 87
  • 91.29
  • 0.84

Мамлекет уюштурган кампаларда сатылган көмүрдүн сапаты стандартка толук жооп берет – Молдалиев

Коом 0


Бишкек, 19.12.24. /Диана Айдарова - Кабар/. Мамлекет уюштурган кампаларда сатылган көмүрдүн сапаты стандартка толук жооп берет. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” ишканасынын башкы директорунун орун басары Күлчоро Молдалиев Чүй облусуна журналисттерге уюштурулган пресс-турдун алкагында билдирди.

Анын айтымында, быйыл “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы жарандарды арзан жана сапаттуу көмүр менен камсыз кылуу максатында республиканын аймагында жалпы 75 көмүр кампасын уюштурду. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын аймагында 13, Чүй облусунда 14 кампа иштеп жатат.

“Кыргызкөмүр” менен биргеликте ачылган көмүр кампаларында Бишкек шаарынын аймагында көмүрдүн баасы 5 миң сомдон, 5 миң 300 сомго чейин, ал эми Чүй облусунун аймактарында 5 миң сомдон, 5 миң 800 сомго чейин сатылууда. Ошол эле маалда, жеке ишкерлер 7 миңден жогору сатып жатат”, - деди ал.

Ошондой эле бүгүнкү күнгө карата республиканын аймагында быйылкы күз-кыш мезгилине карата 120 миң тонна көмүр сатылып, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,5 эсеге көп. Тактап айтканда былтыр 50 миң тонна сатылганы белгиленди.

“Республиканын түндүк регионунда сатылган көмүрлөр Кара-Кече көмүр кенинен чыгат. Сапаты жагынан стандартка толук жооп берет. Ал эми, жеке ишкерлер шартына жараша коңшу өлкөлөрдөн алып келүүдө”, – деп кошумчалады Күлчоро Молдалиев.

Пикир

Оставить комментарий