• 87
  • 89.68
  • 0.84

Мамлекет жарандарды жер жана унаа салыгынан бошотту – маек

Маек 0

Жыл жаңырары менен Кыргызстанда автотранспорт салыгы толугу менен жоюлду. Ага кошумча 2025-жылга чейин унаасы үчүн салык төлөй электердин карызы кечирилди. “Кабар” агенттиги президент Садыр Жапаровдун күн мурун чыккан жарлыгында мамлекеттин салыктарды төлөөдө жарандарга берген жардамы тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков менен маектешти.

— 1-январдан тартып Кыргызстанда автотранспорт салыгы толугу менен жоюлду. Бул чечим менен салыктын жокко чыгарылышы мындан ары салык жаатында ачыктыкты жана адилеттүүлүктү камсыздай алабы?

Президент Садыр Жапаров жарлыкка кол коюп, министрлер кабинетине бир катар тапшырмаларды берди. Эми биз эки айдын ичинде тийиштүү мыйзам долбоорду иштеп чыгышыбыз керек. Анда транспорт каражатына мүлк салыгын жоюу киргизилет. Биздин маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 1 млн 593 миң 512 автоунаа бар. Алардан жылына бюджетке 1 млрд 200 млн сом салык түшөт. Транспортко мындан ары салык алынбай анын ордуна 1-январдан тарта айдоочулар унаасына куйган ар бир литр бензин же дизель үчүн бир сомдон төлөп баштады. 2025-жылдын 1-январынан баштап ал каражаттар Жол фондуна түшөт. Биздин эсептөөлөр боюнча, 1 млрд 700 млн – 1 млрд 800 млн сомго чейин акча каражаты түшө турганы пландалууда. Салык эмес төлөмдөр кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, Транспорт министрлиги аркылуу администрациялоо каралган. Анын негизинде күйүүчү майларды импорттоочулар же өндүрүүчүлөр майдан ар бир литр үчүн бир сомдон төлөшү керек.

2025-жылдын 1-январына чейин автотранспортко салык төлөбөй келген жарандардын карызы кечирилди. Мунапыс аркылуу канча суммадагы карыздар кечирилгени жатат?

Биздин маалыматтар боюнча, 2025-жылга чейин 212 млн сомду түзгөн карыздар бар. Буга толук түшө турган, эскирүү мөөнөтү өткөн карыздар да кирет. Ошондой эле өндүрүүгө кыйын болгон карыздар да бар. Аларга мисалы, унаасын бир жаран ишеним кат аркылуу сатып жиберген, бирок базада дагы эле мүлк өзүнө катталуу бойдон турган учурлар, же унаасын уурдатып жиберип, мойнунда ал үчүн салыктык карызы топтолгон учурлар кирет. Мунун баарын эске алып, президенттин жарлыгы менен 2025-жылдын 1-январына чейин аткарылбаган жана ага карата өндүрүү жөнүндө сот актысы жок транспорт каражаттарына мүлк салыгы боюнча салык милдеттенмесин аткаруу бошотулду. Муну менен транспорт салыгын төлөбөй калгандардын карызы кечирилди. Мындан тышкары, 2022-жылдын 1-январына чейинки салык төлөөчүлөрдүн карыздарын да мамлекет кечти. Бул убактагы салыктар текшерилбейт.

— Бензин, дизель менен жүргөн унаалардан азыр литрине акча алынууда. Ал эми электромобилдерден жана газ менен жүргөн унаалардан салык алынабы?

Электромобилдер боюнча айтып кетсек, буга чейин эле бул транспорт каражаттары “жашыл экономикага” оң таасирин тийгизет деп эсептелип, мүлк салыгынан бошотулган. Ал эми газ менен жүргөн унааларда салык бар болчу. Эми жарлыкка ылайык, газ менен жүргөн унаалар да салыктан бошотулат. Ал эми майдын литринен алынган төлөмдөй газдан алына турган төлөмдү биз мүмкүн карап чыгабыз.

Дыйкандарды жер салыгынан бошотуу боюнча мораторий 2030-жылга чейин узартылып, айыл чарба секторунун өнүгүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө. Буга чейинки мөөнөт канча жылга жылдырылды эле?

Айыл чарба жерлеринин мүлк салыгы 2022-жылы үч жылга чейин бошотулган. Эми бул мөөнөт дагы узартылып, 2030-жылга чейин салык төлөөдөн бошотуу каралды. Президент айтып кеткендей, 5 жыл ичинде дыйкандарды түйшөлткөн суу маселеси чечилгени турат. Бул албетте мамлекеттин дыйкан-фермерлерге карата жардамы болду десек болот. Ушул маселелер чечилгенден кийин салык төлөө жандандырылат.

Жарандардан салыкты өз убагында төлөтүп алуу канткенде жолго коюлат. Коомдо салык төлөбөй койсок акыры мамлекет кечип жиберет экен деген түшүнүк жаралып калбайбы?

Учурда өлкөбүздө салыктык реформалар болуп жатат. Мына ишкерлерге карата 26-декабрда Жогорку Кеңеште мыйзам кабыл алынды. Ишкерлер өз убагында кээ бир товарларды документи жок алса, легалдаштыруу болуп жатат. Транспорт салыгын төлөбөй калгандарга карата мамлекет тарабынан бир ирет мунапыс жарыяланды. Жарандар реформанын алкагында мүлкүн сатам десе, анда кандайдыр бир карызы болуп калса, салык кызматына барып, маалым кат алышы керек, салыктарын төлөш керек. Салыктардын кечирилиши боюнча президент да белгилеп кетти, жарандар салыкты өз убагында төлөш керек. Анткени салык төлөөлөрдүн түшүүсү аркылуу мамлекеттин жолдорду, ооруканаларды куруу сыяктуу маанилүү иштерди аткарууга мүмкүнчүлүгү жаралат. Ошондуктан жарандар төлөбөй койсок, мамлекет мунапыс менен карыздарды кече берет деген түшүнүктөн алыс болушу керек.

Маектешкен Мээрим Дүйшөналиева, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий