Садыр Жапаров президент болуп шайланган күндөн тарта мамлекеттин экономикалык, коомдук-саясий жана социалдык системасын жаңылоого, бийликте жана коомдо укуктук тартипти орнотууга киришти. Бул модернизациянын максаты – Кыргыз мамлекетин бекемдөө жана чыңдоо болчу. Так ушул максат Садыр Жапаровдун шайлоо алдындагы платформасынын негизин түзгөн.
Ошондогу президенттик шайлоо менен референдум кошо өтүп, өлкөдө президенттик республика катары башкаруунун формасы аныкталган. Эл мамлекетти башкаруунун негизги таянычын президентке тапшырды. Ошол мезгилден тартып Кыргызстанга декларативдик эмес, реалдуу өнүгүү жолуна түшүүгө мүмкүндүк берген фундаменталдуу өзгөрүүлөр башталган.
Заманбап мезгилдин шартында Кыргызстанды жөндөмдүү мамлекетке айландыруу, мамлекеттик модернизациялоонун комплекстүү программасын ишке ашырууга, мамлекеттин мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган мыйзамдарды кабыл алуу менен гана мүмкүн болот. Буга байланыштуу Кыргызстанда бир топ мыйзамдар кабыл алынып, кээ бирине өзгөртүүлөр киргизилген.
Бүгүн Кыргызстан экономикалык стабилдүүлүккө жетишип, айкын өнүгүү жолунда баратат. Жарандардын бакубаттуулугу көз каранды болгон негизги тармактар ийгиликтерге жетишип турган мезгил. Айыл чарба, өнөр жай, энергетика, курулуш, каржы сектору жана социалдык чөйрөдөгү алгылыктуу өзгөрүүлөр жана жыйынтыктар эл аралык уюмдар жана банктар тарабынан да белгиленүүдө. Алардын болжолдоолору боюнча, биздин өлкөнүн экономикасы жакынкы бир нече жылда негизги көрсөткүчтөрдүн олуттуу өсүшүн көрсөтүп келет.
Кыргызстандын жетекчилиги “барстын секириктери”, “экономикалык керемет” сыяктуу терминдерди колдонуп, мындан ары карай өнүгүү пландарын түзүшөт.
Коррупциялык системаны сындыруу жана кылмыштуулукка каршы аёосуз күрөш, бизнести опузалоодон жана коргоо үчүн “ыраазычылыктардан” бошотууга мүмкүндүк берди. Албетте, бул бизнес чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртууга чоң мүмкүндүк берет.
Бийлик Кумтөрдү улутташтыруу менен саясий коррупцияны алсыздантып, уюшкан кылмыштуу топту түп тамыры менен жок кылды. Мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен, басып алынган жүздөгөн ишканаларды, социалдык мекемелер мамлекетке кайтарылды.
Мунун баары салык реформасы менен бирге өлкөнүн бюджетин олуттуу толтурууга жана Камбар-Ата-1 ГЭСи жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзөт.
Албетте, энергетика тармагындагы чоң өзгөрүүлөрдү эстен чыгарбашыбыз керек. Анткени республикада ондогон чакан жана орто ГЭСтер курулуп, ишке киргизилүүдө. Бийликтин планына ылайык, жакынкы жылдарда электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүшүбүз керек, жыйынтыгында биз импортер өлкөдөн экспорттоочуга айланабыз.
Мамлекеттик башкаруу системасындагы реформалар бийликтин вертикалын бекемдеп, аны жоопкерчиликтүү жана башкара алгыдай кылып, ички жана тышкы шарттардын өзгөрүшүнө ыкчам жооп кайтарууга жөндөмдүү кылды. Натыйжада Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу кепилденди, инфляциянын деңгээли болжолдонгон көрсөткүчтөрдөн төмөн, ар кайсы мамлекеттердеги валюталардын туруксуздугу менен кыргыз сому туруктуулукту көрсөтүүдө. Мунун баары өнүгүүнүн ишенимдүү пайдубалынын негизин түзгөн экономикалык туруктуулуктун маанилүү курулуш блоктору.
Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу маселесин чечүү үчүн тогуз кластер түзүлүп, учурда алардын саны 17ге чейин көбөйүп, аларды каржылоого мамлекет тарабынан 20 миллиард сомго жакын каражат бөлүнгөнүнө токтолду. Бул жакшы иш, оң натыйжаларды алып келди, - дейт ал.
«Буга чейин республика тамак-аштын социалдык маанилүү түрлөрү боюнча тогуз негизги позициянын үчөө боюнча гана муктаждыкты камсыздап келген. Картошка, жашылчалар жана коон-дарбыз, сүт азыктарын 160—180 процентке ашыра орундатып келет. Ал эми кант, ун, жумуртка, эт, өсүмдүк майы жана жемиштер боюнча биз республикага керектүү көлөмдүн жарымын, ал эми айрым товарлар боюнча андан да азын камсыз кылдык. Бирок азыр, кластерлерди ишке киргизгенден кийин, бизде такыр башка көрүнүш пайда болду.
Эт боюнча ички керектөөнү 85-88%га чейин жапканга жеткирдик. Жумуртка өндүрүү да ушул эле деңгээлге жетти, алардын өндүрүшү кыска мөөнөттүн ичинде эки эсе көбөйдү. Бул бир-эки жылдын ичинде жетишилген жакшы натыйжа, мындан ары да, буйруса көбөйтөбүз. Өсүмдүк майы, ун, кант боюнча да жылыш бар. Бирок бул жерде биз ЕАЭБде мамлекеттер аралык өнөктөштүк мамилелердин алкагында продукциянын керектүү көлөмүн белгиленген баалар менен ала турганыбызды эстен чыгарбоо керек. Ушул өңүттөн алганда Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу толук камсыздалган”, - дейт Төлөнбек Абдыров.
Мунун баары геоэкономикалык жана геосаясий туруксуздук мезгилинде болуп жаткандыгы белгилүү бир кыйынчылыктарды жаратууда. Буга чейин Кыргызстанды өнүгүү траекториясынан сүрүп чыгаруу аракеттери болуп келген жана келечекте мындай аракеттерди жокко чыгарууга болбойт. Өлкөдө мыйзамдуу тартип орнотууга кызыкдар эмес, андан корккондор да коомубузда жок эмес. Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу тартип орнотуу аракетин, демократиядан артка чегинип, авторитаризмге кайтуу деп – элди адаштыргысы келгендер. Ошондуктан мамлекетте стабилдүүлүктү сактоо маселеси мындан аркы өнүгүү пландары менен түздөн-түз байланышкан дагы бир өтө маанилүү багыт болуп саналат.
Коопсуздук боюнча эксперт Эдил Марлис уулу күч органдарынын блогундагы өзгөрүүлөр заманбап чакырыктардын жана коркунучтардын деңгээлине туура келгендигине жана бул багыт тынымсыз бекемделиши керектигине басым жасайт.
«Акыркы жылдары чындап эле ички коопсуздук тармагында көп иштер аткарылды. Бийлик, эң оболу Камчыбек Ташиев укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин турмушуна көңүл бурушту. Аларга турак-жай курулуп, эмгек акылары жогорулатылды. Артың корголуп турганда, кызмат кылуу жеңил жана көнүлдүү болот эмеспи. Адам өзүн толугу менен жумушка арнай алат.
Кыргызстанда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Академиясы ачылып, атайын кызматтын жана аскер командирлеринин кадрларын даярдоо боюнча негизги маселе чечилди. Бул мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуучу кызматкерлерди сапаттуу даярдоонун эң маанилүү фактору. Укук коргоо органдарын техникалык жабдуулар менен камсыз кылуу жагынан бир топ иштер аткарылды.
Бирок, менин оюмча, Ички иштер министрлигине бул түзүмдүн ишин жакшыртуу жана кадрларды даярдоонун деңгээлин жогорулатуу жагынан гана эмес, заманбап чакырыктарга жана коркутууларга натыйжалуу жооп берүү үчүн техникалык жактан кайра жабдууга да көңүл буруу зарыл. Киберкоопсуздук сыяктуу чөйрөнү күчөтүү зарыл, себеби, учурда бул тармак коркунучтардын өтө олуттуу булагы болуп эсептелет.
Бирок баары туура багытта баратат жана күч түзүмдөрүн чыңдоо темпи басаңдабаса, жакынкы беш жылда Кыргызстан өзүн бардык коркунучтардан ишенимдүү коргоп, жарандардын коопсуздугун камсыздай алат», - деп белгилейт Эдил Марлис уулу.
Эксперттер белгилегендей, азыр мамлекеттүүлүктүн пайдубалын бекемдөө боюнча абдан маанилүү иштер жүргүзүлүп жатат, ал эми стабилдүүлүктү сактоо сыяктуу компонент сергек коомдук-саясий атмосфераны түзүүдө, бул өз кезегинде бизнести калыптандырууга, долбоорлорду ишке ашырууга жана экономикалык өнүгүүгө жагымдуу шарттарды түзүүдө. Туруктуу, тынч жана жаратман Кыргызстан көп нерсеге жетише алат.
Күчтүү жана эффективдүү мамлекет гана жарандык, саясий жана экономикалык эркиндиктерди коргой алат. Акылдуу чечимдерди кабыл алган жана алардын натыйжалуу аткарылышын камсыз кыла алган күчтүү жана туруктуу бийлик гана жарандардын алдындагы өз милдеттерин так аткара алат жана биринчи кезекте өлкөнүн экономикасын көтөрүп, коопсуздук маселени чече алат.
Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий