• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Мамлекеттик диний саясатты жайылтууда маалыматтык-профилактикалык иш-чаралар жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. 2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын, 2023-2027-жылдарга министрлер кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу максатында Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн атайын түшүндүрүү иштери уюштурулууда. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, иш-чараларда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат тууралуу баяндамалар жасалууда.

Анда мамлекеттик башкаруунун светтик принциби, дин тутуу эркиндиги, диний негиздеги чыр-чатактарды болтурбоо, жаштардын диний жактан радикалдашуусунун себептери, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик-террористтик уюмдар, алардын жаштарды азгыруу ыкмалары, тыюу салынган адабияттар, улуттар жана диндер аралык кастыкты козуткан кылмыштардын жана терс көрүнүштөрдүн алдын алуу маселелери талкууланып, укуктук жана усулдук маалыматтар берилип жатат.

Мындай иш-чаралар Ош облусундагы жана Ош шаарындагы аскер бөлүктөрүндө, муниципалдык кызматкерлерге, ЖОЖдор арасында, колледждерде жана диний окуу жайларда өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий